Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:18

Украина Орусиянын соккусунан дагы үч жайкын тургуну каза болгонун билдирди


Одесса. Архивдик сүрөт.
Одесса. Архивдик сүрөт.

Украина соңку суткада бир нече аймагы Орусиянын соккуларына кабылганын, айрым жерлерде адамдар каза болуп, жараат алганын 9-октябрда билдирди.

Харьков облусунда эки кишинин өмүрү кыйылды, дагы 30дай киши жараат алды.

Донецк облусунда орус аскерлеринин аткылоосунан 77 жаштагы аял каза болду, дагы алты киши ар кандай жараат алды.

Одесса облусуна, аймактын башчысы Олег Кипердин айтымында, үч күндөн бери согуштук дрон менен чабуул коюлууда. Өткөн түнү дрондордун көпчүлүгү атып түшүрүлгөнү, беш киши жараат алганы, үйлөр талкаланып, кээ бир жерлерде өрт чыкканы маалымдалды.

Полтава облусунун аймагына орус аскерлери бул жолу «Искандер-М» баллистикалык ракетасынан үчтү учурганы кабарланды.

Херсон облусунда Гериатрия борбору артиллериялык курал менен бутага алынып, эки медицина кызматкери жараат алды. Бул боюнча жергиликтүү прокуратура мекемеси териштирүү баштады.

Жалпысынан шаршембиге караган түнү Орусия Украинанын аймагына жанкечти дрондон 22ни учурганын, анын 21и Одесса, Винница жана Киев облустарынын аймагында атып түшүрүлгөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Фронтто кечээтен бери 172 жолу кагылышуу катталганы, анын көбү Покровск жана Курахово багыттарында болгону айтылды.

НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте быйылкы кыш Украина үчүн согуш башталгандан берки эң оор мезгил болорун эскертип, союздаштарды украин аскерлеринин Орусиянын тынымсыз агрессиясына каршы туруш үчүн курал-жарактан көбүрөөк жөнөтүүгө үндөдү.

«НАТО Украинага жардам үчүн азыркыдан да көбүрөөк аракет көрүшү керек жана ошондой аракетин улантат», – деди альянска жаңы жетекчи болуп дайындалган Рютте 8-октябрда өткөн маалымат жыйында.

Башкы катчы Орусия Украинанын энергетика тармагына соккуларын улантып жатканын белгиледи. Украинанын Энергетика министрлигинин соңку маалыматына караганда, 2022-жылдын октябрь айынан бери энергетика инфраструктурасына миңден ашуун чабуул жасалды, мунун кесепетинен быйылкы жылы эле өлкө 9 ГВт энергиядан ажырады. (RK)

XS
SM
MD
LG