Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:19

Германиянын Эрфурт шаарында "Кыргыз кызы" айкели коюлду


Германияда ачылган "Кыргыз кызы" айкели.
Германияда ачылган "Кыргыз кызы" айкели.

Германиянын Тюрингия жергесинин борбору Эрфурт шаарында “Кыргыз кызы” деп аталган айкел коюлду. Кыргызстандын Берлиндеги элчилигинин маалыматына караганда, скульптура кыргыз жаштарынын Тюрингияда, жалпы эле Германияда билим жана тажрыйба алууга умтулуусунун символу катары орнотулган.

Айкелдин ачылыш аземине Тюрингиянын премьер-министри Бодо Рамелов, Эрфурт соода-өнөр жай палатасынын президенти Дитер Баухаус, студенттер жана Тюрингиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

“Кыргыз кызы” скульптурасы өткөндүн мурасын алып жүрүү жана жаркын келечекке умтулууну ойготууга чакырык катары жасалган. Ал Кыргызстандагы аялдардын билим берүү, маданият, экономика жана мамлекеттик башкаруудагы активдүү ролун немис коомчулугуна түбөлүккө калтыруу жана көрсөтүү символикасын камтыйт", - деп айтылат маалыматта.

Айкелди белгилүү кыргызстандык скульптор Тамила Маматова жасаган.

Былтыр Кыргызстандын Берлин шаарындагы элчилигинин жанында "Бала манасчы" айкели орнотулган.

Европа өлкөлөрүндө ушул тапта миңдеген кыргызстандык окуп-иштеп, жашап келе жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, соңку учурда кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Англия, Түштүк Корея, Венгрия, Түркия жана Германияга иштөөгө кетип жатышат. Мындан сырткары билим алуу үчүн кеткендер дагы бар.

Германияда расмий маалымат боюнча 10 миң кыргызстандык жашап, иштейт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG