Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Армян активисттери Тоолуу Карабактагы адам укугун көтөрүштү


Армян активисттери АКШ Конгрессин быйыл Азербайжанда өтө турган COP29 конференциясын Тоолуу Карабак аймагындагы адам укуктары бузулуп жаткан маселеге эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу максатында колдонууга чакырышты.

Конгресстин Адам укуктары боюнча комиссиясында 19-сентябрда сөз сүйлөгөн алты активист азери бийлиги бир топ мыйзамсыз аракеттерге барып жатканын айтып, Кошмо Штаттар кандай жардам бере алары тууралуу сунуштарын беришти.

Тоолуу Карабакта укук коргоо ишмердиги менен алектенген Гегам Степанян аталган аймакта "мажбурлоо жолу менен этникалык тазалоо жүрүп жатканын" белгилеп, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) ошого карабастан Бакуга COP29 конференциясын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканын сындады.

БУУнун климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу маселелер талкуулана турган бул жыйыны Бакуда быйыл ноябрда өтөт. Мунайга бай, адам укуктарынын бузулушу тууралуу көптөгөн фактылар айтылып келаткан Азербайжанда бир катар мамлекеттин лидерлери чогулуп жатканы тууралуу сын пикирлер буга чейин да айтылып келген.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG