Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:22

Жогорку соттун төрагасы Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.

Анын арызын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап, ордуна жаңы талапкер сунуштала турганын “Азаттыктын” булактары билдирди. Төрагалыкка ким сунушталып жатканы азырынча белгисиз.

67 жаштагы Замирбек Базарбеков 2022-жылы февраль айында Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып, 2021-жылы июнь айында Жогорку соттун судьясы кызматына келген.

Замирбек Базарбеков 2016-жылдан кийин азыркы президент Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн тушта анын адвокаты болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG