Бишкек шаарындагы балдар клиникаларынын биринде анестезиолог-реаниматолог болуп иштеп келген дарыгер ооруканадан ири өлчөмдө наркотик дарыларды уурдоого шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) 9-октябрда кабарлады.
Ага ылайык, милиция ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1300 ампула "Морфин", 40 ампула "Промедол" уурдалганын аныктаган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 286-291-беренелери менен ("Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу", "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун алууга документти мыйзамсыз берүү же болбосо жасалма жасоо") кылмыш иши козголду.
Маалыматка караганда, ал кызмат абалынан пайдаланып, клиниканын директорунун атынан жасалма түрдө баңгизатын алууга ишеним каттарды жасап жүргөн.
"Шектүү жеке колдонуу үчүн баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жашыруун уурдап, бул аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген", - деп айтылат маалыматта.
Шектүүгө байланыштуу тийиштүү соттук экспертизалар дайындалды. Анын корутундусуна ылайык укуктук баа берилери белгиленген.
ИИМ шектүү кайсыл клиникада иштегенин так айткан жок.
Клиника жана Саламаттык сактоо министрлиги комментарий бере элек. (КЕ)
Дагы караңыз
Жогорку соттун төрагасы Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздыАрмян активисттери Тоолуу Карабактагы адам укугу маселесин козгоштуГерманиянын Эрфурт шаарында "Кыргыз кызы" айкели коюлду Ушул аптага пландалган "Рамштайн" жыйыны өтпөй турганы белгилүү болду