Парламентте өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүлдү

Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жалпы жыйынында спикер Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүн тартипке чакыруу керектигин айтты.

Мунун алдында депутаттар Эрулан Көкүлов аткаруу бийлигинин мүчөлөрү депутаттар эл менен өткөргөн чогулуштарга келбей жатканын, Марат Мураталиев мамлекеттик мекемелерге кирүүдө алардын жетекчилеринин уруксаты керек болгонун билдирген.

Спикер маселени чечүү талабы менен Министрлер кабинетине кайрылды.

“Министрлер кабинетинин жоопкерчилиги жок мүчөлөрүн тартипке чакырыш керек. Эгерде силер жаза бербесеңер биз жазалаганга укугубуз бар жана мүмкүнчүлүгүз да жетет. Ошондуктан маселени ырбатпай эскертүү берип койгула”, - деди ал.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланат. (BTo)

Дагы караңыз

Журналист Адыл Акжол уулунун камактагы мөөнөтү узартылдыОшто диний окуу жайларга видео камераларды коюу тапшырмасы берилдиУлуттук банк валюта базарына 54 миллион 500 миң доллар саттыГрузияда түрмөдө отурган азери журналисти ооруканага түштү8-октябрь: Жапаров мигранттардын маселесин көтөрдү, "Хезболланын" командири өлтүрүлгөнү кабарланды Президент Жапаров Москвада мигранттарга байланышкан маселе көтөрдү Орусияда миграция мыйзамы катаалдаганы жумушчу жетишсиз боло баштады