"Такси кымбат, таксист жок". Орусияда катаал чектөөлөрдөн эл жапа чегүүдө

Москвадагы таксисттердин басымдуу бөлүгүн Борбор Азиядан барган мигранттар түзөт.

Быйыл жазында Москвадагы "Крокус Сити Холлдогу" куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай жана такси айдоочуларына карата катаал чектөөлөр жол киренин кымбатташына алып келди.

Бирок транспорт тармагы - жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен жапа чеккен Орусиянын экономикасынын бир нече тармактарынын бири гана.

Өткөн айда "Яндекс Go" сервисинин жетекчилиги "Орусияда мигранттарга каршы күрөштөн улам таксилердин баасы бир топ кымбаттайт" деп эскерткен.

"Яндекс" ошондой эле өзүнүн бизнесине тынчсызданат, анткени 2023-жылкы такси мыйзамынын жоболору ушул күздө күчүнө киргендиктен, базар баасындагы өзгөрүүлөр азыртадан эле байкалууда.

Март айында Москвадагы "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин Орусияда мигранттарга каршы рейддер, басым-кысым күчөгөн. Негизинен Борбор Азиядан барган чет өлкөлүктөрдүн депортацияланышы Орусиянын экономикасынын көптөгөн тармактарында сезилип жатат.

Ал эми рейддер менен депортациялардын күчөшүнө 145 адамдын өмүрүн алган кандуу калабадан кийинки антимигранттык маанайдын жаңы толкуну түрткү болгон менен, ишкерлер бийликтегилерге өлкөдөгү катаал эмгек базары чет элдик мигранттарга муктаж экенин эскертүүгө аракет кылууда.

Такси баасы асмандады

Расмий маалыматтар боюнча, быйылкы жылдын биринчи жарымында Орусиядан 100 миңдей чет элдик депортацияланган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 53% көп.

Москвада "Крокус Сити Холл" борборундагы терактка байланыштуу кармалгандардын көбүнүн теги тажикстандык экени аныкталгандан кийин 40 миңден ашык мигранттын Орусияга кирүүсүнө тыюу салынган.

"Крокус Сити Холл" борбору кандуу кол салуудан кийин.

Кыргызстандык Али аттуу таксист "Азаттыкка" курган маегинде унааны каттоодогу мыйзам бузганы үчүн мигранттарды депортациялоонун айынан Москвада айдоочулардын саны кескин кыскарганын билдирди.

Ошондой эле Мамлекеттик Дума бир жыл мурун кабыл алган, азыр жеңилдетилген мөөнөттөн кийин ишке кирип жаткан такси мыйзамында да мандем бар.

Мыйзам таксист болуп иштөөнү каалагандардын бардыгына тиешелүү болгону менен, Борбор Азиядан баргандар бул мыйзам аларга көбүрөөк таасир этет деп ойлошу мүмкүн.

Алинин ырасташынча, бул жаңы мыйзамды аткарууга кеткен чыгымдар – камсыздандыруу төлөмдөрүнөн баштап, унааларды жергиликтүү бийлик тандаган түскө боёгонго чейинки сарптоолор борбор азиялык мигранттардын такси кызматынан жапырт кетишине себеп болууда.

"Мен дагы келерки айда Орусиядан кетүүнү пландап жатам", - дейт Али.

Дагы караңыз

"Биздин бийликти күнөөлөйм". Орусиядан айдалган мигранттар иш таппай убара

Орусияда соңку 20 жылдагы эң ири террордук кол салуудан кийин өлкөнүн 19 аймагында мигранттарга таксист жана башка коомдук кызматтарда иштөөгө тыюу салынды.

Бул чектөөлөр Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчөсү болгон Кыргызстан, Армения, Беларус жана Казакстандын жарандарына тиешеси жок.

Бирок бул жараян буга чейин оңой эле жумуш тапкан мигранттарды Орусияда калууга кызыктырышы күмөн.

Тажикстандан жана Өзбекстандан барган мигранттарды такси тармагынын жаңыдан бюрократташуусу, ошондой эле антимигранттык маанайдын күчөшү чектөөлөр жок аймактарда да кыжаалат кылууда.

Новосибирскидеги миграциялык тейлөө борбору.

"Яндекс Таксинин" жетекчилеринин бири Антон Петраков сентябрда Владивостокто өткөн экономикалык форумда Орусия 130 миңдей таксисттин жетишсиздигинен жапа чегерин айткан.

"Тарифтер өсөт, алар жылдан-жылга ондогон пайызга кымбаттайт", - деп, Петраков маселе "өзүнөн өзү чечилбестигин" кошумчалаган.

Башка тармактар да жабыр тартты

Кыязы, бул бери дегенде Москвада болуп аткандай.

"Азыр баа болуп көрбөгөндөй кымбат, - деди "Азаттыкка" дагы бир кыргызстандык таксист Бексултан. - Мисалы, мурда аэропортко 1500-1600 рублга алып барсак, азыр эртең менен 2000-2500 рублга алып барабыз".

Орус парламентинин депутаттары мындай маселе бар экенин моюнга алышат.

Андыктан такси тармагын тартипке келтирүү үчүн былтыр кабыл алынган мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин утур-утуру айтып келишет.

Учурда мыйзам чыгаруу органында каралып жаткан сунуштардын бири "агрегаторлор", башкача айтканда "Яндекс" койгон комиссияны 20% чейин түшүрүү сунушу бар.

Бирок орусиялык саясатчылар мигранттардын жашоосун жеңилдетүүгө дилгир эмес, атүгүл алар бул тууралуу кыйытып да коюшпайт.

Ошентип, быйыл июнь айында Орусиянын 19 аймагына киргизген чектөөлөрдү кеңейтүү боюнча сунуш колдоо таппай калган.

Анда таксисттердин жетишсиздиги мынчалык курч эмес болчу.

Дагы караңыз

"Баланын документин да сурашууда". Мигранттарды текшерүү, ТИМдин билдирүүсү

Бирок коомдук транспортто мигранттардын санынын азайышы тейлөө жайыраак дегенди билдирет.

Августта Мамлекеттик Думанын Транспорт боюнча комитетинин мүчөсү Виталий Ефимов: "[Көптөгөн] автобус каттамдары, атүгүл чоң шаарларда да айдоочулардын жетишсиздигинен улам токтоду. Мигранттарсыз тигил же бул чөйрө нормалдуу иштей аларын түшүнгөндөн кийин гана алардын иштөөсүнө тыюу салууга болот", - деген.

Ал эми ресторан бизнеси үчүн тамак жасап, тейлей турган адамдардын жоктугунан көйгөй жаралууда.

Июль айында "Московская газета" басылмасына маек берген "Мясо и рыба" ресторандарынын негиздөөчүсү Сергей Миронов Москвада "жумушсуздуктун жоктугунан" улам жергиликтүү тургундарды ишке алуу дээрлик мүмкүн эмес экенине нааразы болгон. Ушундай эле абал баш калаа Москвадан дээрлик үч саат узакта жайгашкан Тула сыяктуу шаарларда да байкалат.

"Мен Орусияга эмгек мигранттары керек же кереги жок деп айткан жокмун, - деди Миронов. - Бирок учурда ресторан тармагында кызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда, бул тейлөө сапатына да таасирин тийгизип жатат".

Ал ортодо Орусиядагы такси тармагынын тегерегиндеги талаш-тартыштар, жалпыга маалымдоо каражаттарында таксист "барктуу" кесип болгон совет доорундагы мамлекеттик такси парктарын кайрадан иштетүүнү талап кылган талкуулар пайда болду.

Бирок бул демилге азырынча оңунан чыга элек. Өткөн аптада Digital Platforms тобу өкмөткө кат жолдоп, такси кызматын колдонгондордын саны кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу сазга батып турган бюрократияны тез арада санариптештирүүгө чакырды.

Кайрылууда аталган топ Телеграм платформасында такси кызматын уюштуруу боюнча 234 группа жана 29 чат-бот катталганын, ал эми орусиялык "ВКонтакте" социалдык тармагында дагы 3800 кызмат бар экенин жүйө келтирген.