"Эмчектеги баланын документин текшере башташты"
Темирлан Москвада беш жылдан бери таксист болуп иштейт. Ал биз менен сүйлөшкөндө быйыл текшерүү күчөгөнүн, Орусияда иштөө мурдагыдай болбой калганын айтып берди.
"Текшерүү катуу эле болуп жатат. Орусча так сүйлөй албай, кичине кыйналсаң эле документиң бар-жогуна карабай алып кетүүдө. Кээ бирлери унчукпай эле коё берет. Бирок мурдагыдай эмес бул жакта жүргөн. Урушка карата дагы ар кандай болуп жатат. Документтерди аябай тактап жүрбөсөң кыйын болуп калды".
"Азаттыктын" дагы бир маектеши Ызатгүл азырынча балдары менен иштебей үйдө отурат. "Бирок короого чыкканда, бала бакча, мектепке каттаганда мигранттарга маанай мурдагыдай болбой калганы байкалууда" дейт. Ал рейддер күчөп, тартип коргоо оргарынын өкүлдөрү үйгө чейин кирип барган учурлар дале катталып жатканын айтты. Эл көп топтолгон жерлерде автоматчан кызматкерлер жүргөнүн белгиледи.
"Биз көп жылдан бери Москвадабыз. Мигранттарга мамиле өзгөргөнү быйыл аябай сезилип жатат. Документтерди текшерүү абдан күчөгөн. мигранттар жашаган батирлерди дагы тинтүүгө алган учурлар бар. Рейддер катуу эле болуп жатат. Мурда ээрчитип жүргөн балдарыңдын документин такыр сурачу эмес. Азыр колуңдагы эмизген баланын дагы документин сурап, текшерип жатышат. 1-сентябрда короодо, мектептердин айланасында автоматчан жүргөндөрдү көрдүк. Анын үстүнө 6-8-сентябрда буларда шайлоо өтөт. Ошол себептүү дагы коопсуздук үчүн эл көп топтолгон жерлерди катуу текшерүүгө алып жатат. Кечээ эле бир таанышымдын туугандары келди. Аэропортто катуу текшерип, төрт саат дегенде коё беришиптир. Телефондорун текшерип, үндөрүн угуптур", - деди "Азаттыктын" маектеши.
ТИМ кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырды
Мына ушуга окшогон жагдайлардын көбөйүшүнөн уламбы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз жарандыгы барларды зарыл иши болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырды. Мекеменин басма сөз кызматы 5-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, буга Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилиши жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнө байланыштуу.
Кыргыз жарандары зарылчылык туулган учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047 телефондору аркылуу байланышса болот.
Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Орусиянын Бишкектеги элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуп, кыргыз мигранттарына карата текшерүүлөрдүн күчөшүнө тынчсыздануусун билдирген.
Март айындагы "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин, Орусияда мигранттарга каршы рейддер, басым-кысым күчөгөн. Буга теракт уюштурууга шек саналып камалгандардын дээрлик бардыгынын теги борбор азиялык экени түрткү болду.
Мигранттардын арыз-муңу жана "Сахароводогу" тинтүү
Ар кандай рейд учурунда кармалгандардын бир даары депортация болсо, айрымдары чет элдиктерди убактылуу кармоочу борборлорго киргизилет. Москванын четиндеги "Сахарово" борборунда отурган көптөгөн мигранттар ал жерде кыйноолорго, ыдыкка туш болгонун айтып беришкен.
Айрымдары аялдарды кордой турганын, эркектерди сабашарын айтышкан. Башкалары борбордо отурган маалда банктагы акчасын алдырганын баяндашкан.
3-сентябрда орус баш калаасынын четиндеги бул борбордо тинтүү жүргөнү, анда чет элдиктердин убактылуу кармоочу жайында иштеген Абдулгапиз Мустапаев, Рудик Текнежян жана Ольга Адакина кармалганы маалым болду.
Тергөөнүн маалыматын алар мигранттарды үйүнө тезирээк жөнөтүү үчүн 30 миң рубль, ал эми жакындары менен жолуктуруу үчүн 5 миң рубль пара сурашкан. "112" каналынын маалыматында, айыпталуучулардын адамдары борбордун жанында мигранттарга ошондой кызматтарды сунуш кылган.
5-сентбярда Москва сотунун маалымат кызматы "Сахарово" кармоочу жайынын бул үч кызматкерин эки айга камакка алганын кабарлады. Алар кызмат абалынан пайдаланып, көз боёмочулук кылган деп айыпталууда.
Буга чейин "Азаттыкка" кайрылган кыргызстандык мигранттар ушул эле маселени көтөрүп чыгышкан. Алардын бири Рахима бул жайдан инисин чыгарып кетүү үчүн жалпы жонунан 70 миң рублдай акча коротконун айтып берген.
"Сахарового" барганда имарат алдындагыларга акча берсең, жолугушууга киргизет экен. Биринчи жолу жолугушуу үчүн 5 миң рубль, экинчи жолкусуна 7 миң рубль бердим. Ошентип инимди Кыргызстанга жөнөтүү үчүн айып пул жана башка болуп жатып бардык чыгымды кошкондо 60-70 миң рублдей акча кетти. Кирсем шарты жакшы экен, бирок мигранттарга жасаган мамилеге аябай зээним кейиди. Борбордун алдында башка дагы кыргызстандыктар отурат жакындарын күтүп. 70теги энени көрдүм, баласы жанында паспорту жок болгон үчүн кармалганын айтты. Инимдин айтымында, балдарды электр талдыргыч менен талылуу жерине урат экен. Бир баланын оозунан көбүк кеткенин айтты. Чакан камерада 13 киши отурат экен. Ишенесизби, иним он күндө 10-15 кг арыктап кетти. Борбордо айрымдардын артынан ээрчип, согушка үгүттөгөн учурлар болгонун, чогуу отургандардын үч-төртөө келишимге кол коюп кеткенин айтты".
Рахима бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, чет өлкөгө чыккан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айрым мыйзамдар боюнча маалымат берүүгө чакырды.
Мигранттардын укугун коргоп жүргөн юрист Мирлан Токтобековдун айтымында, акча берип жакындары менен жолугуу мүмкүн экенин айтып кайрылгандар болгон. Мындан сырткары өлкөдөн чыгарууга деп Орусия бөлгөн каражаттар тууралуу дагы маселе жаралышы мүмкүн экенин белгилеп жатат.
"Орусияда өлкөдөн чыгаруу керек болгон жарандар үчүн каражат бөлүнөт. Ошол акча кайда кетип жатканы боюнча дагы сөз болот деп ойлойм. Анткени көптөгөн мекендештер өздөрү чөнтөгүнө билет алып, Кыргызстанга жөнөткөнү тууралуу маалыматтар бар".
Соңку кырдаалдардан улам Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны кыйла кыскарып, көбү Түркия, Европа өлкөлөрүнө чыгып кетүүгө аракет кылышууда. Буга чейин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев соңку 1,5 жылда Орусиядагы кыргызстандыктардын саны 400 миңге чейин кыскарганын "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирген.
"Украинадагы согушка байланыштуу биздин Орусиядагы көптөгөн мигранттар Кыргызстанга кайтып келди. Көбү Түркия, Европа, Америкага кетип жатат. Биздин эсебебиз боюнча, акыркы 1,5 жылда Орусиядагы биздин мигранттардын саны 400 миңге азайды. Бирок кайра кетип жаткандар деле бар".
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү соңку тинтүүлөргө байланыштуу "Сахарово" борборундагы абал менен таанышуу мүмкүн болбой жатканын билдирди.
Былтыр бир жылда 1400дөй кыргызстандык ушул борбордон депортация болсо, быйыл алты айда 2800гө чукул кыргызстандык дал ушул жайдан кайтарылган. Орусия боюнча буга окшогон 76 борбор бар.
Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Алардын 400 миңден көбү Орусияда.