Азимбек Бекназаровдун туугандары бийликтен аны үй камагына чыгарууну сурады

Азимбек Бекназаров.

Камакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун туугандары президент Садыр Жапаровго кайрылды. Алар тергөө иштерин саясатчыны үй камагына чыгарып коюп жүргүзүүнү суранышты. Алардын видео кайрылуусун Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Жакындары Азимбек Бекназаров эч жакка качпай турганын, алар кепилдик берерин айтышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Азимбек Бекназаровду кармаганы 12-сентябрда белгилүү болгон. Мекеме бул боюнча 13-сентябрда маалымат таратып, кармоону “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча деп билдирген.

Атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин “Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо” (222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда) беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Саясатчы Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Уулу Руслан Бекназаров атасынын кармалышын саясий негизде деп сыпаттап жатат.

Саясатчы сентябрь айында абактан президентке кат жазып, 2010-жылы Апрель окуясынан кийин 1 млн долларды кымырып алган деген маалыматты убагында Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия, Башкы прокуратура текшерип, мыйзам бузуу аныкталбаганын кабарлаган.

68 жаштагы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, башкы прокурор, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматтарын аркалаган. 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен быйыл 14-июлда акталып чыккан. (BTo)

Дагы караңыз

“Улуттук электр тармагынын” директорунун орун басары кармалды Нобелдин медицина сыйлыгы быйыл микроРНК ачкан эки окумуштууга ыйгарылды Грузияда президентке импичмент жарыялоо демилгеси кайрадан көтөрүлдү“Санарип көчмөн” макамы 2 миңден ашуун чет элдик жаранга берилди Акылбек Жапаров уюлдук телефондорду каттоодо маселе бар экенин айттыУкраина Орусиянын авиабомба, дрон, ракета чабуулуна кабылганын билдирдиИзраил ХАМАСтын кол салуусунун бир жылдыгын эскерүүдө