Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:27

Украина Орусиянын авиабомба, дрон, ракета чабуулуна кабылганын билдирди


Херсон. Архивдик сүрөт.
Херсон. Архивдик сүрөт.

Украина 7-октябрда да Орусиянын дрон, ракета жана авиабомба чабуулуна кабылганын бийлик өкүлдөрү билдиришти. Херсон шаардык администрациясынын маалыматына караганда, саат эртең мененки 10дон кийин Херсонго абадан сокку урулду.

Шаарга башкарылуучу авиабомбалардан төртөө түшкөнү, жарылуу толкунунан жарандык объектилер жана кеминде алты көп кабаттуу үй талкаланганы, сегиз киши жараат алганы, алардын экөө үч жана беш жашар наристелер экени маалымдалды. Херсон облустук прокуратурасы согуш мыйзамдарынын жана эрежелеринин бузулушу тууралуу берененин негизинде кылмыш иши козголгонун билдирди.

Өткөн түнү жана эртең менен абадан коргонуу системалары Киев аймагында Х-47М2 «Кинжал» аэробаллистикалык ракеталарынан экөөнү, Николаев, Киев, Днепропетров, Сумы, Чернигов, Полтава жана Харьков облустарында Shahed дрондорунан 32ни атып түшүрүшкөнүн, мындан тышкары Украинага каршы«Искандер-М» баллистикалык ракетасы да колдонулганын Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ал эми фронт тилкесинде Покровск жана Курахово багыттарында катуу кармаш жүрүп жатканы маалымдалууда.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында ачкан. Ошондон бери агрессиясын улантып, Украинанын чыгышында жай болсо да улам алдыга жылып баратканы маалымдалууда. Жакында Нью-Йоркто расмий сапарда жүргөн учурда украин президенти Владимир Зеленский орус бийлигин тынчтыкка “мажбурлап гана көндүрсө” болорун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG