Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:29

Грузияда президентке импичмент жарыялоо демилгеси кайрадан көтөрүлдү


Саломе Зурабишвили.
Саломе Зурабишвили.

Грузияда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы президент Саломе Зурабишвилиге кайрадан импичмент жарыялоо аракетин көрүүдө. "Эхо Кавказа" кабарлагандай, бул тууралуу парламент төрагасы Шалва Папуашвили билдирди.

Бул жолу да башкаруучу партиянын депутаттары президент чек мамлекеттерге (Париж, Брюссел, Берлин жана Варшава) өкмөттүн макулдугун албай туруп барып келгенин жүйө келтирип жатышат. Алардын пикиринде, Зурабишвили мындай аракети менен Конституциядагы «президент тышкы саясаттагы өкүлчүлүк кызматын Министрлер кабинетинин макулдугу менен гана ишке ашыра алат» деген норманы бузууда.

Папуашвили эгер Конституциялык сот президент мыйзам бузган деген тыянакка келсе, аны кызматынан жаңы парламент кетире аларын, себеби парламенттин азыркы курамында «Грузин кыялынын» мындай жараян үчүн жетиштүү добушу жок экенин айтты.

Бир жыл мурда Зурабишвилинин Батышты жана Украинаны колдогон ачык позициясы үчүн популярдуулугу жогорулап турган кезде "Грузин кыялы" ага импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүп чыккан. Натыйжада бул аракет ишке ашпай калган. «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна курган маегинде президент бийликтеги партияны «Грузиядагы демократияны жана өлкөнүн европалык келечегин жок кылуу аракетин көрүүдө» деп айыптаган.

"Эхо Кавказа" Зурабишвилинин президенттик мөөнөтү парламенттик шайлоодон кийин ансыз деле аяктай турганын, баш мыйзамга ылайык, жаңы президентти шайлоо парламенттин жаңы курамынын биринчи отурумунан кийинки 45 күн аралыгында өтөрүн белгилөөдө.

Орусия Украинага кол салгандан бери Грузия бийлиги Батышка жакындоо менен катар Москва менен да мамилесин бузуп албоо саясатын жүргүзүүдө.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Орусиячыл партия Москваны Украинага каршы согушу үчүн айыптаган, бирок санкция жарыялоодон баш тарткан. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага аталган партия катышкан эмес.

Быйыл 26-октябрда Грузияда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Президент Саломе Зурабишвили өлкө бул күнү «же Орусиянын кулу болуу, же Европа менен кызматташуу» жолун тандай турганын айткан.

Эл арасындагы сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, азыркы тапта «Грузин кыялы» эң популярдуу партия болууда.

2023-жылдын 14-декабрында Европа Биримдигинин Кеңеши Грузияга бул биримдикке мүчө болууга расмий түрдө талапкер макамын берген. (RK)

XS
SM
MD
LG