Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:23

“Санарип көчмөн” макамы 2 миңден ашуун чет элдик жаранга берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда чет өлкөлүк 2353 жаранга “санарип көчмөн” (“Digital nomad”) макамы берилди. Азербайжандын бир, Армениянын төрт, Беларустун 23, Казакстандын 11, Молдованын үч жана Орусиянын 2311 жараны мындай статусту алды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 7-октябрдагы жыйынында 2023-жылдын сентябрынан тарта “санарип көчмөн” макамы АКШнын, Улуу Британиянын, Жапониянын, Түштүк Кореянын жана Германиянын да жарандарына бериле баштаганын айтты.

“Санарип көчмөн” статусун алган чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын аймагында жашаган жеринде каттоодон өтүү милдетинен бошотулат. Ал идентификациялык жеке номур ала алат. Жумушка орношууда уруксат алуудан бошотулат”, - деди ал.

“Санарип көчмөн” макамы анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш алып барган чет элдик адистерге берилет. Алар Кыргызстанда бир жыл иштөөгө уруксат алып, убактылуу жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат, Юстиция министрлигинде жана Салык кызматында жөнөкөйлөтүлгөн тартипте мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн колдонсо болот.

2022-жылы 6-апрелде президент Садыр Жапаров “санарип көчмөндөр” үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койгон. Анда IT-чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу максат кылынганы белгиленген. (BTo)

XS
SM
MD
LG