Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:24

“Улуттук электр тармагынын” директорунун орун басары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун директорунун орун басары Аскат Абылаев Бишкектеги №1 тергөө абагына 2-декабрга чейин камакка алынды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 5-октябрда караганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү берген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу” беренеси менен айып тагылган.

ИИМ Аскат Абылаевге козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек. Шектүүнүн адвокаты же жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

32 жаштагы Аскат Абылаев “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун директорунун орун басары болуп 2023-жылы сентябрь айында дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG