Казакстанда АЭСке байланыштуу референдум өттү деп жарыяланды

Астанадагы добушкана, 6-октябрь 2024-жыл.

Казакстанда атомдук электр станциясынын курулушуна байланыштуу референдумда кечки саат 18:00гө карата жалпы шайлоочулардын 61 пайызы добуш берди. Бул тууралуу Казакстандын Референдум боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Асылбек Смагулов Астанадагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, референдумда добуш бергендердин саны жагынан Түркстан (74,23%) жана Актөбө (72,31%) облустары саптын башына чыкты. Алматы шаарында (22,91%) добуш берүү өтө солгун болду.

Казакстандагы бүткүл элдик добуш берүү саат 14:00дү утурлай эле өттү деп жарыяланган. Расмий маалыматка ылайык, анда жалпы 12 миллиондой шайлоочунун 51 пайыздан ашыгы добуш берген. Казак мыйзамдарына ылайык, шайлоочулардын 50 пайызы добуш берсе, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумга "Сиз Казакстанда атомдук электр станциясын курууга макулсузбу?" деген бир гана суроо коюлду. Шайлоочулар буга "ооба" же "жок" деп жооп бериши керек.

Дагы караңыз Борбор Азиядагы алгачкы АЭСтин тагдырын чечкен референдум

"Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, добуш берүү күнү Казакстандын чоң шаарларынын борбордук бөлүктөрүн көчө толо полиция кайтарып турду.
Укук коргоочулар референдумдун алдында өлкө аймактарында АЭСке каршы чыккан 20дан ашык активист кармалганын билдиришти.

Айрым шайлоо бекеттеринде үгүт материалдарын таратуу, фото-видеого тыюу салуу, алдын ала кол коюлган бюллетендерди даярдап коюу же топ-тобу менен урнага салуу сыяктуу эреже бузуулар катталды. Ошондой эле референдумга келгенин документтештирүү үчүн добушканаларда "селфи" тарткандар же "фото-отчет" кылгандар байкалды.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев референдумга бир нече күн калганда өлкө атомдук электр станциясына муктаж экенин белгилеп, эгер АЭС курулбаса, Казакстан "дүйнөлүк прогресстен обочодо калышы мүмкүндүгүн" айткан. Бир катар экологдор жана юристтер региондогу сейсмологиялык активдүүлүктү эске алганда Балхаш көлүнүн жээгинде АЭС куруунун тобокечиликтери бар экенин эскертип жатышат. Аларды негизинен станциядан чыгуучу радиоактивдүү калдыктар жана ыктымал авариялар тынчсыздандырууда.

Чет элдик алты компания казак тарапка АЭСтин ондон ашык долбоорун сунуштаган. Алардын арасында кореялык, кытайлык, франциялык компаниялар жана Орусиянын "Росатом" ишканасы бар. Курулуштун баасы толук белгисиз. Бирок алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бир АЭСти курууга 12 миллиард доллардай каражат талап кылынышы ыктымал.

Токаев жекшемби күнү Астанада добуш берип жатып, Казакстандагы АЭСти бир канча ишкананын башын бириктирген эл аралык консорциум курушу мүмкүндүгүн айтты.

Дагы караңыз

Москвада КМШга мүчө мамлекет башчыларынын жыйыны өтөт Салык төлөбөгөндөрдү ачыктоого көмөктөшкөн жарандарды сыйлоо сунушталуудаОштон Москвага барган мигрант аэропортто катуу текшерүүлөр болгонун билдирдиГазада мечитке урулган соккудан 19 киши мерт болгону кабарландыИзраил армиясы Бейруттун түштүгүнө сокку урду