Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:36

Салык төлөбөгөндөрдү ачыктоого көмөктөшкөн жарандарды сыйлоо сунушталууда


Көзөмөл-касса машинасы (ККМ). Иллюстрациялык сүрөт.
Көзөмөл-касса машинасы (ККМ). Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги салыкты төлөөдөн качып, жашыргандарды ачыктоого көмөктөшкөн жарандарды сыйлоону сунуштоодо. Бул боюнча Салык кодексинин 95-беренесине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.

Документте айтылгандай, 2024-жылы 52 674 салык төлөөчүгө жарандардын арызынын негизинде айып пул салынып, салык өндүрүлгөн. Адатта мындай даттануулар контролдук-кассалык машиналарды колдонбоо менен байланышкан маалыматтарды камтыйт.

"Эгерде салык төлөөчүлөр товар сатууда, кызмат көрсөтүүдө, иштерди аткарууда ККМди милдеттүү түрдө колдонбосо, товарлардын реалдуу жүгүртүлүшүн жана салыктын өлчөмүн толук көлөмдө аныктоо мүмкүн эмес. Ошол эле учурда ишкерлердин, соодагерлердин ККМ колдонгонун же колдонбогонун аныктоо да оор. Мындай даттануулар жарандык позициянын жогору экендигин тастыктап турат. Бирок ошол эле учурда, калктын көпчүлүгү салык мыйзамдарынын бузулушуна кайдыгер карашат", - деп жазылган анда.

Демилгечилер төлөнбөгөн салык үчүн салынган айыппулдун эсебинен ал тууралуу маалымат берген жаранды сыйлоону сунуштоодо.

Салык мыйзамдарынын бузулушу тууралуу салык органдарына билдирген адам айыптын төлөнгөн суммасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу болот. Бул жобонун тартиби, негиздери, өлчөмү жана мөөнөтү Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылы Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү ички дүң өнүмгө (ИДӨ) карата 19% деп эсептелди.

Мамлекеттик органдарга ишмердиги тууралуу маалыматы түшпөгөн товарларды алып-сатуу жана кызмат көрсөтүүлөр көмүскө экономика деп аталат. Бийлик бул маселени чечүү үчүн ККМ, ЭТТК жана ЭЭФ ыкмасын киргизди.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (ZKo)

XS
SM
MD
LG