Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

Газада мечитке урулган соккудан 19 киши мерт болгону кабарланды


Дейр-ал-Балах шаарындагы бутага алынган мечиттин аймагы, 6-октябрь 2024-жыл.
Дейр-ал-Балах шаарындагы бутага алынган мечиттин аймагы, 6-октябрь 2024-жыл.

Жекшембинин таңында Газа тилкесинин Дейр-ал-Балах шаарындагы мечитке сокку урулуп, андан кеминде 19 киши набыт болду. Бул тууралуу "Ассошиейтед Пресс" жаңылыктар агенттиги билдирди. Агенттиктин аймактагы журналисти бул чабуулдан кийин жергиликтүү оорукананын өлүкканасына жеткирилген сөөктөрдү санап чыккан.

Аталган агенттик Израилдин армиясы сокку урган мечитте тилкедеги согуштан улам жер которгон газалыктар баш калкалап турганын, мечиттин жанында шаардык оорукана жайгашканын жазды.

Израилдин армиясы АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп санаган ХАМАС радикал тобунун жайкын тургундардын арасында жашырынган жоочуларын жана буйрук берүүчү штабын бутага алганын маалымдады. Бирок муну ырастаган далилдерди көрсөтө элек.

"Ал-Акса шейиттери" аттуу жергиликтүү оорукана соңку соккулардан өлгөндөрдүн баары эркектер экенин, дагы бир киши жаракат алганын маалымдады.

Ал арада Израилдин армиясы Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жабалия шаарында жаңы аба чабуулдарын жана жердеги операциясын баштаганын жарыялады. ЦАХАЛдын маалыматына ылайык, Израилдин аскердик күчтөрү Жабалияны курчап турат жана согуштук учактар бул шаардагы жоочулардын позицияларына бир нече жолу сокку урду. Жабалия шаарында Газа тилкесиндеги эң чоң качкындар лагери жайгашкан.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге кол салып, бир күндө 1200дөй кишини өлтүргөн жана 251 кишини барымтага алып кеткен. Кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон. Дагы ондогон адамдар ХАМАСтын барымтасында кала берүүдө.

Израил бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуулун баштаган. Андан бери Газадагы саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына ылайык, тилкеде 41 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Соңку апталарда Израил армиясы Газадан тышкары Ливан менен Йемендеги Иран колдогон жоочуларга да сокку уруп жатат.

XS
SM
MD
LG