Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:32

Израил армиясы Бейруттун түштүгүнө сокку урду


Бейруттун түштүк райондору.
Бейруттун түштүк райондору.

Жекшембиге караган түнү Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Ливандын борбор калаасы Бейруттун түштүк райондоруна абадан сокку урду. Бейруттун Дахие аймагында түн бою жарылуулардын добушу угулуп турганын "Ассошиейтед Пресс" жаңылыктар агенттиги жазды.

Израил армиясы АКШ террордук уюм деп тааныган "Хезболла" тобунун Бейруттагы "курал-жарак сактаган кампаларына жана террордук инфраструктурасына сокку урулганын" билдирди. Ошондой ЦАХАЛ жайкын тургундарды коргоо үчүн кошумча чараларды көргөнүн, аларды бутага алынчу аймактардан чыгып кетүүгө чакырганын белгиледи.

Би-Би-Синин Ливандагы кабарчысы аба соккулары таңга чейин уланганын, бул Израил армиясы менен "Хезболланын" ортосунда соңку кармаш тутангандан бери Бейруттагы эң катуу түнкү чабуул болуп калганын билдирди.

ЦАХАЛдын маалыматына ылайык, 6-октябрга караган түнү "Хезболла" да Израилдин түндүгүн көздөй 30дай ракета учурган жана алардын басымдуу бөлүгү жайкын тургундар көчүрүлүп кеткен аймактарга түшкөн.

  • “Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган, исламдын шийи багытын карманган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар. "Хезболлага" Иран колдоо көрсөтүп келет.

Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Аны улай Израилдин армиясы Ливандын түштүк аймактарында жердеги операцияларын баштаган. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге кол салып, бир күндө 1200дөй кишини өлтүргөн жана 251 кишини барымтага алып кеткен. Кийин алардын айрымдары бошотулса, кээ бирлери каза болгон. Дагы ондогон адамдар ХАМАСтын барымтасында кала берүүдө.

Израил бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуулун баштаган. Андан бери Газадагы саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына ылайык, тилкеде 41 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG