Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:09

Борбор Азиядагы алгачкы АЭСтин тагдырын чечкен референдум


Астанадагы добушканалардын бири, 6-октябрь, 2024-жыл.
Астанадагы добушканалардын бири, 6-октябрь, 2024-жыл.

Казакстанда Борбор Азиядагы алгачкы атомдук электр станциясын курууга байланыштуу референдум өтүүдө. Анда шайлоочулар бир гана суроого жооп берет. Казак бийлиги сүрөгөн референдумдун алдында АЭСтин курулушуна каршы чыккан бир нече активист кармалды.

Бийлик сүрөгөн референдум

Казакстандын чоң шаарларынын борбордук бөлүктөрүн көчө толо полиция кайтарып турат. Референдумдун алдында 2009-жылдан бери Европада бозгунда жүргөн мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов өз тарапкерлерин бул калаалардын белгиленген жерлерине топтолууга жана АЭСке каршылыгын билдирүүгө чакырган болчу.

Чымкенттеги мындай жерлердин бирине саналуу адам чогулуп, баш калаа Астанада жалгыз тургун гана пикетке чыкканы болбосо, атомдук электр станциясын курууга каршы чыккан же аны колдогон жоон топ адам деле көрүнгөн жок.

Айрым шайлоо бекеттеринде болсо добуш берүү жүрүп жатканына карабастан үгүт материалдарды таратуу, сүрөт-видеого тыюу салуу, алдын ала кол коюлган бюллетендерди даярдап коюу же топ-тобу менен үкөккө салуу сыяктуу эреже бузуулар катталууда.

Ошондой эле референдумга келгенин документтештирүү үчүн добушканаларда "селфи" тарткандар же "фото-отчет" кылгандар көп байкалууда.

"Азаттыктын" казак кызматынын жер-жерлердеги кабарчылары маалымдагандай, Борбор Азиядагы алгачкы атомдук электр станциясынын тагдыры Казакстанда дал ушундай шартта чечилүүдө.

Жалпы элдик добуш берүүгө "Сиз Казакстанда атомдук электр станциясын курууга макулсузбу?" деген бир гана суроо коюлду. Шайлоочулар буга "ооба" же "жок" деп жооп бериши керек.

Казакстандын Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматына ылайык, саат 16:00гө карата жалпы 12 миллиондой шайлоочунун 57 пайыздан ашыгы добуш берди. Казак мыйзамдарына ылайык, шайлоочулардын 50 пайызы добуш берсе, референдум өттү деп жарыяланат.

Ошентип Казакстандын тарыхындагы төртүнчү референдумга жетиштүү шайлоочу катышканы жарыяланган соң эми алардын канчасы казак бийлигинин АЭС куруу планын колдойт деген маселе аз да болсо кызыгуу жаратууда.

Адистер казак өкмөтүнүн АЭСтин курулушу үчүн катуу өнөктүк жүргүзгөнүн, ага каршы чыккандарды жоопко тартканын эске алганда референдумдан бийлик каалаган жыйынтык чыгарынан күмөн санашпайт.

Жекшемби күнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев Астанадагы шайлоо бекеттеринин биринде добуш берип, "эгер казакстандыктар АЭСти курулушун колдой турган болсо, аны ким курат?" деген суроого жооп берди.

"Бул татаал суроо. Өкмөт анализ жүргүзүп, тиешелүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү керек. Менин жеке көз карашым боюнча Казакстанда алдыңкы технологияларга ээлик кылган дүйнөлүк компаниялардан турган эл аралык концорциум иш алып барышы керек. Андан ары, айтыла келгендей, турмуш өзү көрсөтөт", - деди Токаев.

АЭСке каршы чыккандардын үнү угулдубу?

Бүткүл элдик добуш берүүнүн алдында мамлекеттик медиа каражаттарында АЭСтин курулушун жактаган пикирлер, маалыматтар байма-бай жарыяланып жатты. Ал түгүл өнөктүккө белгилүү блогерлер да тартылган учурлар болду.

Ошол эле маалда атомдук электр станциясынын тобокелчилигин эске салып, анын курулушуна каршы чыккандар кармалып жатты.

Астанадагы полиция кызматкерлери, 6-октябрь 2024-жыл.
Астанадагы полиция кызматкерлери, 6-октябрь 2024-жыл.

Астананын райондук соту 6-октябрга караган түнү кармалган жарандык активист Эрмек Нарымбайды "сот өкүмүн аткарган эмес" деген негиз менен беш күнгө камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Адвокаты Жанар Балгабаеванын айтымында, Сарыарка райондук соту 2015-жылы башка иш боюнча чыгарылган өкүмдө Нарымбаевге коомдук-саясий ишмердик менен алектенүүгө тыюу салынганын жүйө келтирген. Референдумдун алдында Эрмек Нарымбай көз карандысыз байкоочуларга кеп-кеңештерин берип, Астанадагы референдум өтүүчү жайларды кыдырган болчу.

3-октябрда Орал шаарындагы сот "Уральская правда" басылмасынын башкы редактору Тамара Еслямовага АЭС боюнча тургундардын пикирин сурап, аларды видеого тартканы үчүн 110 миң теңгеден ашык айып пул салды. Сот Еслямованы "шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоо тартибин бузду" деп тапты.

"Ар намыс. Рух. Укук" коомдук уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Бакытжан Торегожина референдумдун алдында Казакстандын аймактарында Нарымбай сыяктуу кеминде 27 адам кармалганын билдирди.

Кармалган же айып пул салынган адамдардын айрымдарына "үгүт материалдарын мыйзамсыз таратуу", "жалган жалаа жабуу" сыяктуу айыптар тагылган. Кайсы бири мурда катышкан акциялары үчүн "тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузду" деген негиз менен жоопко тартылган. Торегожина топтогон тизмедеги активисттердин арасында соту боло элек же кандай айып тагылганы белгисиз адамдар да бар.

Казакстандык дагы бир укук коргоочу Маржан Аспандиярова "Азаттыктын" казак кызматы менен бир нече күн мурдагы маегинде өлкөнүн туш тарабында АЭСке каршы болгону үчүн кармалгандар кыйла көп болушу мүмкүндүгүн айткан эле.

"Полициянын аракеттери мыйзамга каршы келет. Кандайдыр бир мыйзамга таянып коюу аракети да байкалбайт. Аларга атомдук электр станциясына каршы пикирин билдиргендерди токтоткула жана алардын үнүн баскыла деген буйрук берилген. Ал буйрукту аткарууда аларга эч кандай чектөө коюлган жок", - деп билдирди укук коргоочу.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Астанада добуш берип, АЭС маселеси боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. 6-октябрь, 2024-жыл.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Астанада добуш берип, АЭС маселеси боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. 6-октябрь, 2024-жыл.

Референдум күнү казак сенатынын спикери Маулен Ашимбаев активисттердин кармалышы тууралуу суроого жооп берип, тартип коргоо органдары "мыйзам бузулганы үчүн" чара көрүп жатканын айтты.

Андан тышкары Казакстанда атомдук электр станциясын курууга каршы акцияларды өткөргүсү келген жарандардын аракеттерине тоскоолдук жаралганы учурлар да катталды. Фейсбуктагы Qaharman Kz баракчасында Казакстандын 12 шаарындагы активисттер АЭСке байланыштуу митинг өткөрүүгө уруксат сурап, жергиликтүү бийликке баш-аягы 45 өтүнүч жөнөтүшкөнүн, алардын баары четке кагылганын жазды. Аталган баракча жергиликтүү администрациялардын жоопторунун көчүрмөсүн да жарыялаган. Анда митингдер өтө турган күнү шаарда башка иш-чаралар уюштурулат деп жазылган.

АЭС тууралуу учкай маалымат

Атомдук электр станциясы - бул өзөктүк реакциянын жардамы менен электр энергиясын өндүргөн ишкана. Ал үчүн отун катары чектелүү деңгээлде байытылган урандын изотобу колдонулат.

Жапониянын Фукушима атомдук станциясы, 4-апрель 2011-жыл.
Жапониянын Фукушима атомдук станциясы, 4-апрель 2011-жыл.

АЭСтин реакторунда урандын атомдорунун бөлүнүшүнөн улам өтө көп көлөмдөгү жылуулук бөлүнүп чыгат. Бул жылуулук сууну кайнатып, андан чыккан буу турбиналарды айландырат. Өз кезегинде тынымсыз айланган турбиналар электр жарыгын пайда кылат.

Уран радиоактивдүү элемент болгондуктан АЭСтен чыккан калдыктар же зыянсыздандырылышы керек, же кайра иштетилиши зарыл. Атомдук электр станциялары адатта муздак суунун туруктуу булагына муктаж.

2011-жылы Жапониядагы кубаттуу зилзаладан кийин Фукушима атомдук электр станциясы катуу жабыркап, радиоактивдүү заттар сыртка чыгып кеткен. Бул кырсыктан кийин жапон өкмөтү өзөктүк энергияга болгон көз карандылыгын азайтууну чечкен. Фукушимадагы окуя Германиянын АЭСтен баш тартуу чечимине да түрткү берген. 2023-жылдын апрель айында Германияда акыркы үч атомдук электр станциясы ишин токтоткон.

АЭСти ким, кайсы жерге курат?

Казакстанда атомдук электр станциясын куруу маселеси узак жылдардан бери утур-утур көтөрүлүп келет. Бул маселе соңку бир канча жыл ичинде өзгөчө күн тартибине чыгып, президент Касым-Жомарт Токаев АЭСтин тагдырын референдумга коюуну чечкен.

Токаев референдумга бир нече күн калганда өлкө атомдук электр станциясына муктаж экенин белгилеп, эгер АЭС курулбаса, Казакстан "дүйнөлүк прогресстен обочодо калышы мүмкүндүгүн" айтты. Казакстандын Энергетика министрлиги да 2035-жылды утурлай өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы жараларын, электр жарыгынын жаңы, кубаттуу булактары зарыл экенин, "АЭСтен башка альтернатива жок экенин" эскертти.

Казак өкмөтү АЭСтин курулушу үчүн бир нече аймакты караштырып жатат. Алардын ичинен Балхаш көлүнүн жээгиндеги, Алматы облусуна караштуу Үлкөн кыштагы эң ылайыктуу жер деп сыпатталууда.

Бир катар экологдор жана юристтер региондогу сейсмологиялык активдүүлүктү эске алганда Балхаш көлүнүн жээгинде АЭС куруунун тобокечиликтери бар экенин эскертип жатышат. Аларды негизинен станциядан чыгуучу радиоактивдүү калдыктар жана ыктымал авариялар тынчсыздандырууда.

Мындан тышкары казак өкмөтүнүн бул планына каршы түзүлгөн "АЭС керек эмес" платформасы долбоорду ишке ашыруудагы болжолдуу коррупцияга да кабатыр болуп жатат. Ошондой эле АЭСке чоң каражат сарптагыча, андай акчаны "жашыл энергиянын" булактарына салууну сунуштагандар да бар.

Чет элдик алты компания казак тарапка АЭСтин ондон ашык долбоорун сунуштаган. Алардын арасында кореялык, кытайлык, франциялык компаниялар жана Орусиянын "Росатом" ишканасы бар.

Курулуштун баасы толук белгисиз. Бирок алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бир АЭСти курууга 12 миллиард доллардай каражат талап кылынышы ыктымал.

Борбор Азиянын АЭС куруу дымагы

Казакстандан тышкары Борбор Азиядагы кеминде эки мамлекет атомдук электр станцияларын курууну көздөп жатат.

Өзбекстан Орусиянын жардамы менен аз кубаттуулуктагы атомдук электр станциясын Жизак районундагы Тузкан көлүнүн жанында курууга бел байлады. Тиешелүү макулдашууга быйыл 27-майда орус президенти Владимир Путин менен өзбек лидери Шавкат Мирзиёев Ташкентте кол коюшкан.

Путин менен Мирзиёев Ташкентте. 27-май, 2024-жыл.
Путин менен Мирзиёев Ташкентте. 27-май, 2024-жыл.

"Росатомдун" башчысы Алексей Лихачев алты блоктон турган АЭСти 2029-жылдан 2033-жылга чейин бир нече баскыч менен ишке киргизүүнү пландап жатышканын айткан. Ар бир блоктун кубаттуулугу 55 МВт болот деп кабарланган. "Узатом" долбоорго канча акча сарпталарын ачык жарыялаган эмес.

Сентябрь айында "Узатом" менен "Росатомдун" бир бөлүгү катары саналган «Атомстройэкспорт» компаниясы болочоктогу чакан АЭС жайгаша турган аймакта курулуш иштерин баштоо тууралуу протоколго кол коюшту.

Кыргызстан да "Росатом" менен бирге АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы январда баштаган жана чакан атомдук электр станцияларын куруу жаатында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлган.

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутаттык тобунун 4-октябрдагы жыйынында “Росатом” курууну пландап жаткан атомдук электр станция (АЭС) жөнүндө маалымат берип, учурда АЭС курулуучу жерди тандоо жана коомчулукка түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айткан.

“Кошуна мамлекеттер бул боюнча активдүү киришип жатышат. Казакстанда атомдук электр станция курууга элдин колдоосу бар деп жатышат. Эми эртең референдумда көрөбүз. Биз былтыртан баштап “Росатом” менен Энергетика министрлиги меморандум түзгөнбүз. “Росатомдун” башкы директору Лихачёв менен жолуктук. Эң биринчи тапшырма АЭС куруу боюнча коомчулук менен иштөө болгон. Ал боюнча иштер жүрүп жатат. Азыр жерди тандоо иштери жүрүүдө. Ал жерде муздатуу үчүн суу анан электр энергиясына кошулууга ыңгайлуу болушу керек. Станция эки-үч жылда курула калбайт, беш-алты жылга барып салынат”, - деп билдирген Ибраев.

Министр Кыргызстанга атомдук электр станция керек экенин кошумчалаган.

Май айында орусиялык басылмалар "Росатомдун" курамына кирген "Атомэнергопром" ишканасынын жылдык отчётуна таянып, "Росатом" корпорациясы Кыргызстанда жана Мьянмада курууну пландап жаткан чакан атомдук электр станциялардын (АЭС) баштапкы техникалык-экономикалык негиздемесин даярдаганын жазган.

Министр Байгазиев быйыл 25-мартта Орусияда өткөн “Атомэкспо” форумунда Кыргызстан атомдук электр станциясын куруу боюнча “Росатом” менен келишим түзүү алдында турганын билдирген. Ал муну үчүн корпорациясынын алдындагы “Новавинд” деп аталган компания менен инвестициялык кызматташуу башталышы мүмкүндүгүн айткан.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG