Шаардык сот Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын карап, тергөө абагында калтырды

Азимбек Бекназаров

Бишкек шаардык сотунда 1-октябрда саясатчы Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасы жана козголгон иштин мыйзамдуулугу боюнча апелляциялык арызы каралды. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров билдирип, жараяндан тартылган видеону Фейсбукка жарыялады.

Видеодо саясатчы 2010-жылдагы окуяга байланышкан иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу бул боюнча кылмыш ишин козгоо мыйзамсыз болгонун сотто айтып жатканын көрүүгө болот. Эгер шектүү адам качып жүрбөгөн болсо, Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык мөөнөтү өтүп кеткен иш боюнча ал камакка алынбашы керектигин айткан.

Шаардык сот саясатчынын жана анын адвокатынын жүйөлөрүн негизсиз деп таап, Биринчи май райондук сотунун Азимбек Бекназаровду 2-ноябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечимин күчүндө калтырган.

Райондук сот Бекназаровдун бөгөт чарасы тууралуу маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Азимбек Бекназаровду кармаганы 12-сентябрда белгилүү болгон. Мекеме бул боюнча 13-сентябрда маалымат таратып, кармоону 2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысына байланыштырган. Кылмыш-жаза кодексинин "Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо" беренеси (222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту) боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Уулу атасынын кармалышын саясий негизде деп сыпаттап жатат.

68 жаштагы Азимбек Бекназаров - Жогорку Кеңештин депутаты, баш прокурор, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматын аркалаган. 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен быйыл 14-июлда акталып чыккан. (ZKo)

Дагы караңыз

Улан Карыпбеков "Унаа" мекемесинин директору болуп дайындалдыОшто судья өмүрүнө кол салганы кабарланды. Соттор кеңеши териштирүү башталганын билдирди Украина "Коргоочулар күнүн" белгиледи. Орусиянын армиясы аба соккуларын улантуудаШаардык жана айылдык кеңеш депутаттарынын саны бекитилдиАКШнын 39-президенти Жимми Картер 100 жылдыгын белгилеп жатат Кыргызстан күз-кыш мезгилинде 3 млрд 900 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алат