Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Украина "Коргоочулар күнүн" белгиледи. Орусиянын армиясы аба соккуларын улантууда


Мекенин орус армиясынан коргоп жатып курман болгон украиналык аскерлер көмүлгөн жай. 31-январь, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Мекенин орус армиясынан коргоп жатып курман болгон украиналык аскерлер көмүлгөн жай. 31-январь, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинада 1-октябрда "Коргоочулар күнү" белгиленип жатат. Ал тапта Орусиянын армиясы дрондор менен сокку урууну улантууда. Өлкө чыгышында кырдаал дагы эле курч бойдон калууда.

Жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат тогуздарда мекенин коргоп жатып курман болгон украиналыктарды эскерүү үчүн бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланды.

Телеграмга жазган билдирүүсүндө украин армиясынын башкы командачысы, генерал Александр Сырский украин аскерлерин куттуктап, аларды соңку 2,5 жылда буга чейин "дүйнөнүн экинчи армиясы" катары саналган орус күчтөрүнө туруштук берип, алардын мизин кайтарып келаткан "кебелбес жоокерлер" деп атады.

Коргоо министри Рустем Умеров өз куттуктоосунда ар бир украин аскерине биримдик, эрдик жана кайраттуулугу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биз эмне үчүн күрөшүп жатканыбызды так билебиз: үйүбүз үчүн, ачык асманды кыялданган жакындарыбыз үчүн, орус аскерлеринен арылууну көздөп жаткан шаар-кыштактар үчүн, өз жеринде коркпостон жашай турган келечек муун үчүн", - деди Умеров өз кайрылуусунда.

Украинада "Коргочуулар күнү" 2014-жылы, Орусия Крым жарым аралын мыйзамсыз оккупациялап, Донецк жана Луганск облустарынын айрым бөлүктөрүн басып алгандан кийин пайда болгон.

1-октябрдын таңында орус армиясы Украинанын аймактарына дрон менен чабуул коюуну улантты. Украин күчтөрү билдиргендей, 32 учкучсуз аппараттын 29у атып түшүрүлдү.

30-сентябрда украин президенти Владимир Зеленский өлкө чыгышында аскерлери "оор кырдаалга" туш болушканын дагы бир ирет ырастады. Ал жакта орус күчтөрү Донецк облусуна караштуу Покровск логистикалык борборун басып алуу аракетин бир нече айдан бери көрүп келишет.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги 1-октябрдын таңында Украина менен чек аралаш Белгород облусунун аймагында сегиз дронду атып түшүргөнүн билдирди. Москва бул чабуулдарды Киевден көрөт. Украин бийлиги адаттагыдай үн катпайт.

Ал эми орус бийлиги бир катар фото жана видео далилдерге карабастан Украинанын аймагындагы жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG