Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Шаардык жана айылдык кеңеш депутаттарынын саны бекитилди


Садыр Жапаров, Кыргызстандын президенти.
Садыр Жапаров, Кыргызстандын президенти.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Президенттин сайтына 1-октябрда жарыяланган маалыматка ылайык, бул мыйзам жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын санын белгилейт. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаардык кеңештери ар бири 51 депутаттан турат. Башка шаардык жана айылдык кеңештер шайлоочулардын санына жараша бекитилет - эгер шайлоочулардын саны 20 миңден 70 миңге чейин болсо, 31 депутат, андан жогору болсо, 41 депутат шайланат.

Мыйзамды Жогорку Кеңеши 19-сентябрда кабыл алган.

Административдик-аймактык реформадан кийинки жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга белгиленген. Бул шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер шайлоо күрөөсүнөн бошотулган. Ал эми шаардык кеңештерге катышкан саясий партиялардын шайлоо босогосу жети пайыздан беш пайызга түшүрүлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымдашынча, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып, 7-октябрда саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт, талапкерлерди каттоо 18-октябрда аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрь саат 18:00гө чейин, ал эми талапкерлерди каттоо 28-октябрь күнү аягына чыгат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG