Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Улан Карыпбеков "Унаа" мекемесинин директору болуп дайындалды


Улан Карыпбеков
Улан Карыпбеков

Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору (“Унаа” мамлекеттик мекемеси) Рустам Жокоев кызматтан алынып, анын ордуна Улан Карыпбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул тууралуу Президенттин администрациясы 1-октябрда кабарлады.

44 жаштагы Улан Карыпбеков 2023-жылы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин жетекчиси болуп иштеген. Ага чейин Улуттук коопсуздук комитетинде эмгектенген.

Агенттиктин буга чейинки директору Руслан Жокоев менен бир нече кызматкерди атайын кызмат 26-сентябрда камакка алганы белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен айып тагылган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 27-октябрга чейин камакка алынган.

Жокоевдин кармалышы боюнча президент комментарий берип, аны бул тармакты тартипке салуу үчүн дайындаганын, “таза иштеши үчүн” ага өзүнүн демөөрчүлүк фондунан айына 2 миң доллар жардам берип турганын, мындай көмөктү ал 40 жетекчиге көрсөтөрүн кошумчалаган. Ошондой эле айдоочулук күбөлүк сатуу тыйылбай келатканын билдирген.

Рустам Жокоевдин жана кармалган башка кызматкерлердин жакындары, адвокаттары комментарий бере элек.

37 жаштагы Жокоев “Унаа” мекемесинде адис, кийин жетекчинин орун басары болуп иштеп, 2021-жылы директору болуп дайындалган. 2020-2021-жылдарда Президенттин иш башкармалыгына караштуу Мамлекеттик “Ала-Арча” паркы мекемесинин директору болуп турган. (MKt)

XS
SM
MD
LG