Аба ырайы: жаан жаайт

2-октябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат.

Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 21…23° жылуу болот.

Дагы караңыз

Майыптыгы барларга акысыз өнөр үйрөткөн Базарбү апа Израил армиясы Ливанда жердеги операциясын баштадыОшто судья өмүрүнө кол салганы кабарланды. Соттор кеңеши териштирүү башталганын билдирди Депутат Сыдыков мамлекеттик ишканаларды азайтып, жеке бизнести колдоону сунуштадыПрезидент Садыр Жапаров Италия жана Ватиканга сапар менен барат