Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:20

Израилдин Йемен жана Ливанга соккусу, Жакынкы Чыгыштагы курчуган кырдаал


Израил армиясы Иранга таянган жоочуларга каршы чабуулдарын кеңейтип, Йемендеги Ходейда шаарына сокку урду. Ал жакта Тегеран колдогон хуси козголоңчулары отурукташкан. Дүйнө лидерлеринин Жакынкы Чыгышта кеңири масштабдагы согуш тутанып кетиши мүмкүн деген кооптонуусу күчөдү.

Ошол эле учурда ЦАХАЛ Ливандын бир катар аймактарындагы жана баш калаа Бейруттун түштүгүндөгү “Хезболла” уюмунун таяныч турумдарына аба чабуулдарын күчөттү. (“Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия)

Ал арада АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС куралдуу тобу өзүнүн Ливандагы штабынын башчысы Израилдин соккусунан каза тапканын жарыялады.

Израилдин Йемендеги хуси козголоңчуларына соккусу

“Ири масштабдагы аба операциясынын алкагында Аба күчтөрүнүн ондогон учактары, анын ичинен бомбалоочу учактар, май куюучу учактар жана чалгын учактары Йемендеги Ходейда жана Рас-Исса райондорундагы хусилердин террордук режиминин аскердик турумдарын бутага алды”, — деди AFP агенттигине 29-сентябрда армиянын өкүлү капитан Дэвид Авраам.

Аскерлердин билдирүүсүнө караганда, абадан соккулар хусилердин көзөмөлүндөгү электрстанцияга жана мунай импорттоп, Ирандан курал-жабдык экспорттойт деп боолголонгон деңиз портуна жасалды. Израил буга чейин, июль айында дал ушул портко чабуул койгон эле.

Йеменде 2014-жылы хуси козголоңчулары баш калаа Сананы басып алгандан бери согуш жүрүп келет. Анда Сауд Арабиясы башында турган күчтөр эл аралык коомчулук тааныган өкмөткө колдоо көрсөтүү менен жаңжалга аралашууга аргасыз болгон. Араб жарым аралынын түштүгүндө жайгашкан, калкы 40 миллион адамга жеткен өлкөдө уланып жаткан согуштан улам кеңири масштабдагы гуманитардык кризис жаралган.

Гуманитардык жардамдын басымдуу бөлүгү Ходейда порту аркылуу түшөт. Анын көп жактары хусилер басып алгандан кийин талкаланып калган.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант 29-сентябрда билдиргендей, алар душманга канчалык алыс экенине карабай сокку урат.

Йемендеги хуси козголоңчулары, Ливандагы “Хезболла” жана Газадагы АКШ жана Евробиримдик террордук деп эсептеген ХАМАС куралдуу тобу Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат.

  • "Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболла” саясий партиясынын депутаттары бар.

Эл аралык коомчулуктун кооптонуусу

Израилдин Ливанга, эми Йеменге уруп жаткан аба соккулары Бириккен Улуттар Уюму (БУУ ) жана башка ири державалар, анын ичинен Вашингтон аскердик аракеттерди жумшартууга чакырып жаткан маалда болду.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро Бейрутка 29-сентябрдын кечинде барганы маалым болду. Жолго чыгар алдында Барро Ливандын өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Нажиб Микати менен телефондон сүйлөшкөн. Расмий Париж ошондой эле Израилди “Ливанга аба соккуларын дароо токтотууга” чакырды.

Ошол эле күнү Микати телефондук кайрылуусунда Ливандын “дипломатиялык варианттан башка тандоосу жок экенин” айтты.

29-сентябрда Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден жакын арада Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшөрүн журналисттерге айтты. Бирок ал сүйлөшүү качан болорун тактаган жок. Жакынкы Чыгыштагы кеңири масштабдуу согушту алдын алса болобу деген суроого: “Алдын алуу керек. Биз чындап буга жол бербешибиз зарыл”, - деп жооп берди Байден.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби кеңири масштабдагы согуш Израилге өлкө түндүгүндөгү калкты үйлөрүнө кайтарууга жардам бербестигин эскерткен. Ливан менен чектешкен Израилдин аймактарында жашагандар бир нече айдан бери “Хезболла” менен ЦАХАЛдын ортосундагы атышуулардан улам башка жакка көчүүгө аргасыз болушкан.

Израил Ливандагы аскердик аракеттердин башкы максаты - дал ошол жарандарын өз үйлөрүнө кайтарып, алардын коопсуздугун камсыз кылуу деген жүйө келтирген.

“Хезболла” менен кеңири масштабдуу согуш, андан ары Иран менен согуш - бул туура багыт эмес. Эгер ал адамдарды үйлөрүнө коопсуз кайтарууну кааласаңар, биз эң туура жол - бул дипломатиялык жол деп эсептейбиз”, - деди Кирби CNN телеканалына курган маегинде.

Ал кошумчалагандай, Вашингтон учурда Ливандагы кийинки кадамдары тууралуу Израилдин лидерлери менен сүйлөшүүдө. Кирби Американын Израилди колдоосу мурдагыдай эле күчтүү бойдон каларын айтты.

"Хезболланын" лидери Хасан Насралла израил армиясынын аба соккуларынан жок кылынган жер. 27-сентябрь, 2024-жыл. Ливан, Бейрут.
"Хезболланын" лидери Хасан Насралла израил армиясынын аба соккуларынан жок кылынган жер. 27-сентябрь, 2024-жыл. Ливан, Бейрут.

Иран өч алууну убада кылды, "Хезболланын" командирлери жок кылынды

Иран “Хезболланын” лидери Хасан Насралланын өлүмү үчүн өч аларын убада кылды. Насралла 27-сентябрда Израилдин Бейрутка жасалган аба соккусунун жыйынтыгында жок кылынганы кабарланган. Тегеран Израилге каршы турган топторду колдорун кыйытып, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын чакырууга аракет кылууда.

29-сентябрда Израилдин коргонуу күчтөрү Бейруттагы “Хезболланын” түштүк таянычына “таамай сокку” урганын билдирди.

Ливандын өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Нажиб Микати согуштук аракеттерден улам бир миллиондой карапайым ливандыктар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушу мүмкүн экенин эскертти.

“Хезболла” маалымдагандай, сентябрдын ортосунан бери ЦАХАЛдын чабуулдарынан жети жогорку даражалуу өкүлү набыт болду.

Соңку кабарларга караганда, 28-сентябрдагы чабуулда уюмдун аткаруу кеңешинин жетекчи орун басарынын кызматын аркалап келген диниятчы Набиль Каук мүрт кеткен.

“Хезболла” ошондой эле улук командирлеринин бири, түштүк күчтөрүнүн командачысы Али Караки Насралла менен бирге каза болгону тууралуу Израилдин билдирүүсүн ырастады.

Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Ливандагы лидери жана чет мамлекеттердеги жетекчилигинин мүчөсү Фатех Шериф Абу эл-Амин Ливандын түштүгүндөгү Тир шаарында жайгашкан палестин качкындарынын лагериндеги үйүнө урулган жөөт армиясынын соккусунан мерт кеткенин, аялы жана уулу менен кызы да каза болгону айтылды.

Израил менен "Хезболла" Газада согуш тутанган былтыр 7-октябрдан бери тирешип келген. Сентябрдын ортосунда Израил Ливанга аба соккуларын күчөттү.

Ал эми Газадагы согуштун башталышына ХАМАСтын Израил конуштарына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алып кеткени түрткү болгон.

Израил бийлиги бул уюмду жок кылуу максатында анклавда согуш баштап, андан бери 42 миңдей адамдын өмүрү кыйылганын аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирип келет.

XS
SM
MD
LG