Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Депутат Сыдыков мамлекеттик ишканаларды азайтып, жеке бизнести колдоону сунуштады


Бакыт Сыдыков.
Бакыт Сыдыков.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Сыдыков мамлекеттик ишканалар экономикалык жактан жетиштүү пайда алып келбей турганын, анын ордуна жеке бизнеске көңүл буруу керектигин айтып чыкты.

Депутат мындай пикирин 1-октябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтты.

Сыдыковдун суроосуна жооп берген Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Элдана Сатарова учурда 61 мамлекеттик ишкана бар экенин, мурдагыга салыштырмалуу азайганын билдирди.

Депутат мамлекеттик ишканалар ага салынган каражатты актабай турганын, ошол себептүү мекемелерди азайтуу керектигин белгиледи.

“Мурдагы чакырылышта алты мамлекеттик ишканадан башкасынын баарынын кереги жок, ошолорду сатпайсыңарбы деп айтып чыкканбыз. Дагы эле ошол алты ишкана 21 миллиард сомдук пайданы берип жатат. Кечирип койгула, биз дагы эле мамлекеттин ишкананы улам ачып жатабыз. Жеке секторго бергиле, жеке секторду өнүктүргүлө. Мына, “Кыргызиндустрияңар” эмне болуп жатат? Анын ичинде 18 ишкананын ичинде үчөө эле иштеп жатат деп угуп атам. “Кыргызтуризмдин” иши кандай ызы-чуу менен бүттү? Ушунун баары токтотолу”, - деди Сыдыков.

Финансы министри Алмаз Бакетаев мамлекеттик ишканалар өкмөткө дивиденд берип жатканын, 2023-жылы 18 миллиард, быйыл 21 миллиард сом түшкөнүн маалымдады.

Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматы боюнча “Кыргызиндустрия” мамлекеттик ишканасында инвесторлор менен чогуу жыйырмадай жоопкерчилиги чектелген коом ачылган.

"Кыргызиндустриясы" ишканасы 2021-жылдын аягында түзүлгөн, анын уставдык капиталы 1 миллиард сом болору айтылган. Өкмөт ишкана алдында өнөр жайды, өндүрүштү чукул арада жандантууга байланыштуу бир катар тапшырма турганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 5-майдагы кайрылуусунда мамлекетке караштуу мүлктүн көпчүлүгүн сатууну сунуштаган. Калганы тийиштүү министрликтерге, комитеттерге жана башка органдарга өткөрүлмөй болгон.

XS
SM
MD
LG