Аялдардын саламаттыгына арналган бир айлык өнөктүк башталды

Бишкектеги Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борбору. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып аялдардын саламаттыгына арналган бир айлык өнөктүк башталды. Иш-чаранын максаты 18 жаштан улуу кыз-келиндерди, улгайган аялдарды түрдүү оорулар жөнүндө кененирээк маалымат алууга жана саламаттыгын текшерүүгө чакыруу.

Өнөктүктү уюштурган Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда акыркы төрт жылда 15 миңден ашуун аял кант диабети оорусу менен каттоого алынган. 45 миң аялда гипертония оорусу аныкталган.

"Эмчек рагы жана жатын моюнчасынын рагы аялдардын өлүмүнө алып келген негизги илдеттер бойдон калууда", - деп жазылган маалыматта.

Ага ылайык, аялдардын саламаттыгына арналган бир айлык өнөктүк түрдүү ооруларды эртелеп аныктоого - анын кесепетин азайтууга өбөлгө болот. Октябрь айы ичинде аялдар кан басымын акысыз өлчөтүүдөн тартып, жүрөк-кан тамыр, кант диабети илдетин, канындагы холестерин жана канттын деңгээлин акысыз текшерте алат. Ошондой эле жугуштуу оорулардын алдын алуу жана дарылап сакайтуу боюнча кеп-кеңештерди акысыз алса болот. Бул үчүн аялдар өздөрү жашаган жердеги саламаттык сактоо мекемесине кайрылса болот.

Бир айлык өнөктүк Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында өткөрүлөт.

Былтыр октябрь айындагы өнөктүк учурунда 400 миңден ашуун аял профилактикалык кароодон өтүшкөн. Анын ичинде 103 миңден ашуун аялдан түрдүү илдеттер аныкталган.

Аялдардын саламаттыгына арналган бир айлык өнөктүк "Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана натыйжалуу башкаруу" долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Долбоорду Швейцария өкмөтү каржылайт.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда жыл сайын аялдар арасында жатын моюнчасынын рагы менен 600 учур аныкталса, анын 300ү каза табарын маалымдаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Ошто судья өмүрүнө кол салганы кабарланды. Соттор кеңеши териштирүү башталганын билдирди Жапонияда Фумио Кисиданын өкмөтү толук курамы менен кызматтан кеттиТеррордук топко кошулган тажик жарандарынын 85% Орусиядагы эмгек мигранттары болгонПрезидент Жапаров кыргызстандыктарды улуу муундарга кам көрүүгө чакырдыИран Ливанга жана Газага аскер жөнөтпөй турганын билдирди