"Журналисттик иликтөөнү токтотпойм". Абактагы Айке эл аралык сыйлыкка татыды

Айке Бейшекеева "Гратиас Тиби" сыйлыгын жеңгени жарыяланды. Прага шаары

Temirov Live каналынын тогуз айдан бери тергөө абагында отурган журналисти Айке Бейшекеева эл аралык "Гратиас Тиби" сыйлыгынын лауреаты болду. Чехиядагы “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму 23 жаштагы кыргызстандык журналистке адам укуктарын коргоо жаатындагы каармандыгы үчүн бул сыйлыкты ыйгарды.

Айке Бейшекеева 26-сентябрдагы сот жараянына адаттагыдай көңүлү көтөрүңкү келди. Журналист кыз муну менен тергөө абагында өткөргөн тогуз ай аны сындырбаганын көрсөткүсү келгендей. Ал азырынча Прагадагы эл аралык уюмдун абройлуу сыйлыгын жеңгенин уга элек.

Чехиядагы “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму кыргызстандык журналистти адам укуктарын коргоону жакшыртууга жан үрөгөн каармандыгы үчүн бул сыйлыкка татыктуу деп тапты.

“Адвокаты аркылуу бүгүн-эртең сүйүнчүлөйм”, - деди Temirov Live каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров. Айкени бул сыйлыкка татыктуу деп чех окуучулары тандашыптыр.

“Жылда Чехиянын окуучуларынын арасында сурамжылоо өтүп, дүйнөдө тиги же бул тармакта өзгөчөлөнгөн жаштардын тизмесин сунушташат экен. Ошондо чех окуучулары Айкеге добуш беришиптир. Сыйлыкты тапшыруу аземи Прагада өттү. Биз үчүн бул абдан чоң колдоо”.

Айке Бейшекееванын сыйлыгы.

Болот Темиров айткандай, Айке чех окуучуларына жазган катында “иликтөө жасоону токтотпойм” деп убада берген.

“Гратиас Тиби” латын тилинен которгондо “Рахмат” дегенди билдирет. Сыйлык 2014-жылдан бери ыйгарылып келет. Соңку эки жылдан бери чет өлкөлүк талапкерлер көрсөтүлө баштаган. Былтыр сыйлык египеттик журналист аялга, ал эми андан мурда кубалык активистке ыйгарылган.

Айке деген ким?

Айке Бейшекеева - Temirov Live каналынын фактчекинг жасаган журналисти. Ал 16-январда 23 жашка чыккан күнү кармалып, туулган күнүн сурак берүү менен өткөргөн.

Апасы Назгүл Матынаева Айке тил үйрөнүүгө өтө кызыгарын "Азаттыкка" айтып берген. Ал буга чейин испан, жапон тилдирин үйрөнүп жүргөн. Temirov Live командасында беш-алты ай эле иштегенден кийин эле бийлик аны темир тор артына отургузган.

“Биз журналисттик иликтөө жасоого кызыккан жаштарга сынак жарыялаганбыз. Калганын өзүбүз үйрөтүп аларыбызды белгилеген элек. Ошондо колубузга Айкенин да резюмеси түшкөн. Негизи биз тандаганда билимине же башка нерсесине карачу эмеспиз. Аларга Temirov Live деген долбоордо иштөөдө кандай тобокелдик бардыгын эскертебиз. Айке иликтөө журналистикасына кызыгарын, баарына даяр экенин айтып, иштөөгө макул болду. Бир айлык сыноо мөөнөтүндө ал өзүн аябай жакшы жагынан көрсөтүп, дилгирлигин, тыңдыгын далилдеди. Баарын тез эле илип кетти. Ал чындап иликтөөгө кызыгары билинип турду”, - дейт Болот Темиров.

Болот Темиров 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган. Ал кыргыз паспортун "мыйзамсыз алган" деп айыпталган. Бир катар чет өлкөлүк жана жергиликтүү уюмдар, укук коргоочулар Болот Темиров Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылганын билдирген. Ал эми күч органдары жана прокуратура журналистке каршы иш мыйзам чегинде козголгонун, иликтөө талапка ылайык жүргүзүлгөнүн белгилеген.

Айке Бейшекеева быйыл январда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун 11 журналисти менен бирге камалган. Жети киши түрдүү себептер менен үй камагына чыгарылган. Айке - тогуз айдан бери камакта отурган төрт журналисттин бири. Аларга "жапырт баш аламандыкка чакыруу" деген негизде кылмыш иши козголгон. Журналисттер айыптоону четке кагып, бул алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу экенин айтып келет.

Айке сотто журналисттер эч кандай төңкөрүш жасоого аракет кылбаганын, мамлекетке зыян эмес, пайда алып келерин айткан.

Айке Бейшекеева. 26-сентябрь, Бишкектин Ленин райондук сотундагы жараянда

Бирок бийлик бул адамдар журналисттик билим алган эмес деген жүйө кылып, ишти сөз эркиндигине басым дегенден алыстатууга аракет кылууда.

“Бийлик тараптан көбүнчө "Айке жана башкалар Болот үчүн отурушат, Болот күнөөлүү" деп айтышат. Мен өзүмдү күнөөлүү сезейин десем дагы түрмөдө отурган балдар буга жол беришпейт. Алар “иликтөөлөрдү сиз биз үчүн улантыңыз деп суранышат. Менимче күнөөнү жаш журналисттерди куугунтуктап, аларга жасалма иш токуган бийлик сезиши керек”, - дейт Темиров.

Иликтөөчү журналист бул күндөр да өтөрүнө ишенет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары кыргыз бийлигин камактагы журналисттерди токтоосуз бошотууга үндөп жүрөт.

“Кыргызстандагы азыркы жаштар башкача ойлонушат, аң-сезими өзгөчө. Алардан көп нерсени үйрөнсө болот”, - деди Болот Темиров кесиптеши Айке тууралуу "Азаттыкка" берген комментарийинде.