Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

"Иликтөөчү журналисттерге чоң дем, шык берип кетти"


 Уланбек Эгизбаев
Уланбек Эгизбаев

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти маркум Улан Эгизбаевдин көзү өткөнүнө бүгүн туура алты жыл болду. Өлкөдөгү курч, талылуу маселелерди тайманбастан козгоп, сөз эркиндигинин тарыхында өчпөс из калтырган инсандын эмгеги жана учурдагы иликтөөчү журналистиканын абалы тууралуу кеп кылабыз.

"Чиновниктер сестенип турчу"

Кыргыз журналистикасындагы иликтөө жанрына жаңы дем бергендердин бири маркум Уланбек Эгизбаев болгону талашсыз. Анын ар кайсы тармакта тамыр жайган жемкорлук тууралуу жасаган иликтөөлөрү кезинде өлкө ичинде чоң резонанс жаратып турган.

Уланды жакындан билген замандаштары ал калыстыкты туу тутуп, кандайдыр бир жең ичинен сүйлөшүп алууга жол бербегендиктен карапайым эл көңүлүнөн түнөк тапканын айтып келишет.

Учурунда Эгизбаев менен кесиптеш болгон журналист, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев анын кесипкөйлүгүн эскерди:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

"Улан өзүнүн журналисттик иликтөөлөрүндө кандайдыр бир ушак-айыңдарга же божомолдорго таянбастан, дайыма далилдер менен иштечү. Анын бир канча жыл мурун жасаган "Бажыдагы коррупция", "Оштогу мыйзамсыз жерлер" сыяктуу иликтөөлөрү кийин далилденип, фактылар ашкереленди. Уландын акыйкатты айткандан тайманбаган мүнөзүн карапайым эл жакшы көрсө, бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик чиновниктер андан кадимкидей сестенип турушчу. Мына акыркы учурларда Уландын ишин улантып, бир канча эркин медиалар журналисттик иликтөөлөргө өзгөчө басым жасап, коррупциялык схемаларды ачып чыккан учурлар абдан көп болуп жатат. Мына ушунун баары Уландын топту жарып, иликтөөчү журналисттерге чоң дем, шык бергенинен болду".

Журналисттик иликтөөлөр фондунун Байкоочу кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаевдин пикиринде, Эгизбаев кыргыз тилдүү журналисттердин эл аралык деңгээлде өсүп-жетилүүсүнө шарт түздү. Ошону менен катар жаштарга үлгү болуп, ачыктаган чуулгандуу иштерин кесипкөйлүк менен көрсөтө алды:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

"Ар бир өлкөнүн жөнөкөй жараны министрлик же депутаттык кызматтарга барбай деле өлкөгө кызмат өтөсө болорун Уланбек Эгизбаев үлгү катары көрсөтө алды. Биздеги сөз эркиндигин пайдаланып, көп журналисттерди шыктандырды. Жаш болсо да курчтугу, тайманбастыгы менен 120 депутаттан турган парламент айта албаган, жасай албаган иштерди батынып жасоого аракеттенди. Анан дагы ар бир ишин жиликтеп, фактылар менен аткарганын баса белгилейм. Анткени ал тирүү кезде эч бир жаран же болбосо мамлекеттик органдар сотко бергенин көрбөдүм".

Эгизбаев кырчындай 28 жашында күтүүсүздөн көзү өткөндөн кийин Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы анын атындагы сыйлыкты негиздеген. Жеңүүчүлөрдү фонд көз карандысыз комиссиянын тандоосунун негизинде аныктайт.

Сынактын максаты - журналисттин эмгегин даңктоо менен бирге, Кыргызстанда иликтөө журналистика жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга жана андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо. Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылуучу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

Уландын "Азаттыктагы" иши уланат
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:05 0:00

"Уландын жолу улана берет"

Азыркы учурда иликтөө тармагы бир аз солгундай түшкөнүн айткан медиа серепчи Асел Сооронбаева учурда дегеле кыргыз журналистикасы өткөөл учурду баштан кечирип жатканын, бирок бул убактылуу процесс экенин белгиледи:

Асел Сооронбаева.
Асел Сооронбаева.

"Улан Эгизбаев чыйыр салып кеткенден кийин иликтөөчү журналистика жаңы деңгээлге чыкты, ачык булактар менен иштөө өнүгүп, көптөгөн курч иликтөөлөр чыгып баштаган. Бирок азыр жүз жылдык тарыхы бар кыргыз журналистикасы жалпы жолунан кыйың кезеңди башынан өткөрүп жатат. Бир иликтөөчү журналистибиз өлкөдөн чыгарылса (Болот Темиров), абакта олтурган да журналисттерибиз бар. Менимче бул убактылуу нерсе. Анткени ар бир процесстин баш-аягы болот. Баарыбир биз өз эркиндигибизди алдырбайбыз деген үмүт жашайт. Мурдагыдан аз болсо да азыр деле иликтөөлөр чыгып жатат. Буга тиешелүү мыйзамдардын кабыл алынышы, айрым кесиптештердин камакта олтурганы себеп болду. Антсе да алдыда иликтөөчү журналистика өз сапарын улай берет. Уландын жолу уланат. Кыргыз журналистерин күчтүү деп баалайм. Эл аралык стандарттарга жооп берген чоң материалдарды жасоого дарамет жетиштүү деп эсептейм".

Ушу тапта төрт журналист - Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева камакта.

Милиция “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

"Журналистикага көлөкө түшүргөндөр да бар"

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов азыр иликтөө журналистикасы жаңы деңгээлге көтөрүлүп, сабаты артканын, ошол эле убакта бул тармакка көлөкө түшүргөн жагдайлар да бар экенин кеп кылды:

Али Токтакунов.
Али Токтакунов.

“Учурда Кыргызстандагы иликтөөчү журналисттер чет өлкөлүк кесиптештери менен кызматташат жана алар менен тең ата иликтөө жүргүзө алышат. Эл аралык чөйрөгө тамырлаган кылмыштуулуктун, жемкорлуктун бетин ачканга да дарамети жетет. Кыргызстанда Уланга чейин деле иликтөөчү журналисттер бар эле. Бирок ыраматылык кесиптешибиз Улан Эгизбаев мына ушул иликтөөчү журналистиканы популярдуу кылганга зор салым кошкон адам. Экинчиден, азыр тилекке каршы, иликтөөчү журналистиканы мокоткон жагдайларды да көрүп жатабыз. Алар: журналисттердин камалышы, журналисттерге байланыштуу чектөө мыйзамдарынын кабыл алынышы, түрдүү фейк чабуллдар жана башка нерселер. Бирок бул убактылуу көрүнүш деп ойлойм. Анткени чындык эрте-кеч айтыла берет. Анан дагы бир иликтөөчү журналистикага көлөкө түшүргөн жагдайлар бар.

Азыл эл кимиси журналист, кимиси блогер экенин айырмалай албай калды. Бир жакка бастырып кирип барып, кагып-силкип суроо бергендерди деле журналист деп кабыл алгандар бар. Кээ бир блогерлер кычып суроо берсем эле кыйын болуп таанылат турбаймынбы деп, ушул жолго өтүп алышты. Ушул жагынан алып караганда журналистика чабалдап кеткендей болду. Бирок ошол эле учурда сапаттуу иштеген журналисттедин катмары да бар. Алар сөзсүз эле бирөөнүн камчысын чаппайт, бирөөнүн тагдырын талкалабайт, болгону бейтарап иштеп, фактыны көзгө сайып көрсөтүп коюшат. Азыр журналисттердин эле эмес, элдин да медиа сабаттуулугун да көтөрүш керек болуп турат. Анткени маалымат көп. Анын ичинде калп маалымат тез тарап жатат”.

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Кочкор районунда туулган.
Ал 2013-жылдан бери “Азаттыкта” эмгектенип, “Бажыдагы миллиондор”, “Көрүстөндөгү корррупция”, “Саясатташкан сауналар” жана башка бир катар коомчулукта чоң талкуу жараткан журналисттик иликтөөлөрдү тарткан.

Журналист 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө күтүүсүз каза болгон. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, анын сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. Эгизбаев көзү өткөндөн кийин да бир катар жергиликтүү жана эл аралык сыйлыктарга татыган.

Тирүү кезинде журналист Фейсбуктагы баракчасына “Кыпкыргызча” деген топ түзүп, миңдеген окурмандардын нукура кыргызча баарлашуу, талкуу аянтчасына айланта алган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG