Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:03

11 журналисттин соту: УИАнын мурдагы эксперти көрсөтмө берди


Сот отуруму.
Сот отуруму.

Жапырт камалган 11 журналисттин кылмыш ишине негиз болгон корутунду чыгарган эксперт Азамат Жанышбек уулу сот аткаруучулар тарабынан Ысык-Көлдөн алып келинип, сурак берди.

"Кыйыр чакырык бар"

12-сентябрдагы отурумга алып келинген Жанышбек улуу экспертизага 16 видео берилгенин, бир тасмада "массалык башаламандыкка" чакырык болгонун жана анда Махабат Тажибек кызы бар экенин билдирди.

Адвокат Нурсултан Жаныбеков: Ошол жерден Махабат Тажибек кызы же ушул жерде отурган айыпталуучулар “эл-журт ойгонгула, массалык башаламандык кылалы" деген сөздөр бар бекен?

Эксперт Азамат Жанышбек уулу: Андай далилдер жок...

Адвокат Нурсултан Жаныбеков: Кандай сөздөрдө бар деп жатасыз?

Эксперт Азамат Жанышбек уулу: Кыйыр сөздөр бар деп жатам. “Революция болгон сайын, эволюция болбой эле мамлекетте алдым-жуттум күчөп, криминал көмүскө башкарып жатат” деген...

Адвокат Нурсултан Жаныбеков: Ошонун кайсы сөзүндө массалык башаламандык бар?

Эксперт Азамат Жанышбек уулу: Ушул толук сүйлөмдө...

Адаттагыдай эле сотто видео, сүрөт тартууга уруксат берилген жок. Азамат Жанышбек уулу сот отурумунун катышуучуларынын суроолоруна Махабат Тажибек кызынын видеосунда массалык башаламандыкка кыйыр чакырык болгон деген жообун кайталап жатты. Ал буга чейинки отурумдарга келген эмес.

Абакта жактан Temirov Live долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы сот залынан чыгып бара жатып, эксперттин корутундусун четке кагарын айтты:

Махабат Тажибек кызы.
Махабат Тажибек кызы.

“Менин оюмча, эксперт революция болушун каалайт окшойт. Мен видео кайрылуумда “революция болбошу керек, баягы эле эскилер жыргап жатат, силердин революцияңардан эч нерсе өзгөргөн жок” деген сөзүмө так жооп бере албайт жатат”, - деди.

Сот иши аяктап калды

Ошентип, кийинки отурум 19-сентябрда уланмай болду. Жактоочулардын айтымында, сот иши бир нече отурумдан кийин аякташы мүмкүн.

Адвокат Нурсултан Жаныбеков эксперт Азамат Жанышбек уулун сотто түшүнүксүз көрсөтмө берди деп сындады:

“Айтор, түшүнүксүз сөздөрдү айтып, сот отурумундагыларды адаштырганга аракет кылды. Мындан сырткары 19-сентябрда жарыш сөзгө өтөлү десек, прокурорлор айыпталуучуларды сурайлы деген өтүнүч келтирди. Бирок аларды кайрадан эмнеге суракка аларын негиздеп беришкен жок. Мамлекеттик айыпталуучулардан убакытты создуктуруу аракетин байкадык”, - деди жактоочусу.

Мамлекеттик айыптоочулар жактоочунун дооматына комментарий берген жок. Ал эми Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, эксперт Азамат Жанышбек уулу кылмыш ишине негиз болгон корутундулар боюнча жооп берүүдөн баш тартты.

Азамат Жаныбек уулу. Сол жакта.
Азамат Жаныбек уулу. Сол жакта.

Экспертиза боюнча көп суроолор болуп жаткандан улам андан корутунду кандай негизде чыгарыларын сурадык.

"Аны Улуттук илимдер академиясына расмий кайрылсаңар, жооп берет. Мурда иштегем, азыр иштебей калгам. Жооп берүүгө милдеттүү эмесмин", - деди Жанышбек уулу.

Улуттук илимдер академиясынын Мамлекеттик жана укук институтунун мурдагы кызматкери Азамат Жанышбек уулу - соңку жылдардагы саясий өңүтү бар кылмыш иштеринин козголушуна негиз болгон политологиялык экспертизаны жасаган адистердин бири.

Буга чейин анын аты Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин атайын кызматтын тергөөчүсүн жана академиянын жетекчилигин айыптаган билдирүүсүндө аталган.

“Мен аталган тергөөчүнүн жана анын алдындагы ыкчам кызматкерлердин Жанышбек уулу Азамат деген "дүжүр" экспертке келип, мажбурлап политологиялык экспертиза жасаткан кишиге күбө болгом. Алардын ичинен мурда билдиргендей, Олжобай Шакирдин иши боюнча күбө катары сотто сурак бергем”, - деп жазган Карабаев.

Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун политологиялык изилдөө жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы Токон Мамытов бул дооматты четке каккан.

Ал эми Азамат Жанышбек уулу "Илимдер академиясынын жетекчилиги уруксат бергенде гана комментарий бере турганын" айтып, жооп берүүдөн баш тарткан.

Август айынын соңунда анын иштен кеткени белгилүү болгон.

Эксперттер суралып бүттү

Буга чейин кылмыш материалына экспертиза жасаган лингвист-эксперт Таалайбек Абдыкожоев, Юстиция министрлигине караштуу эксперттик кызматтын адиси Нурлан Сакпаев суралган.

Сакпаев Тemirov Live жана "Айт, айт десе" каналдарындагы "эркиндик үчүн күрөшөлү" деген сөздөрдө "массалык башаламандыкка чакыруу бар" деген. Адвокаттар жана соттолуучулар бул кинеге макул болгон эмес.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ушул тапта төрт журналист - Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, бул долбоордун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы NextTV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбеков тилкат менен үй камагына чыккан.

ИИМ “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козголгонун билдирген.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, быйыл жыл башында кармалган журналисттерди "өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган маалыматтарды жоопкерчиликсиздик менен жарыялаган блогерлер" деп атаган.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG