АКШ Украинанын коргоо тармагына дээрлик 8 миллиард доллар бөлөт

Владимир Зеленский жана Жо Байден. Архивдик сүрөт.

АКШ администрациясы Украинанын коргоо тармагынын муктаждыктарына 8 миллиард доллардай каражат бөлөт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден бүгүн 26-сентябрда Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусу алдында билдирди.

Ак үйдүн бул тууралуу билдирүүсүндө айтылгандай, Байден Коргоо министрлигине Конгресстин макулдугунан өткөн бардык каражатты бөлүүнү тапшырды. 5,5 миллиард доллар Пентагондун арсеналындагы аскердик техниканы жөнөтүүгө жана анын ордун жаңы техника менен толуктоого жумшалат. Дагы 2,4 миллиард доллар Украинанын коопсуздугу боюнча демилге алкагында (абадан коргонуу системалары, учкучсуз учактар, ракеталар) бөлүнөт.

Мындан тышкары Украинанын алыска атуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу үчүн JSOW канаттуу авиабомбаларын берүү тууралуу чечим кабыл алынганы белгилүү болду. Бул авиабомбалар 110 чакырымдык радиуска уча алат, украин аскерлери аларды Орусияга каршы колдонууга уруксат алабы же жокпу, айтылган жок.

Украинанын аскердик өнөр жай тармагын өркүндөтүү, F-16 учактарын башкара ала турган кызматкерлерин даярдоо, Орусиянын санкциялардан кыйгап өтүү жолдорун чектөө иштери да аткарылары айтылды.

Аталган сумма АКШ буга чейин убада кылган каражаттын бир бөлүгү. Бирок аны колдонуу үчүн президенттин кошумча уруксаты зарыл болчу.

Владимир Зеленский социалдык түйүндөр аркылуу АКШ президентине, эки партияга жана элине ыраазычылыгын билдирди. (RK)

Дагы караңыз

Милиция "Эмакомдун" мурдагы ээси кармалганын билдирдиЭкс-депутат Эмилбек Жусупов 11-ноябрга чейин камалдыРайондук сот Алмамбет Салиевдин камакка алынганын ырастады Мүнхенде Израил консулдугунун жанында атышуу болду