Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Райондук сот Алмамбет Салиевдин камакка алынганын ырастады


Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев кармалганы белгилүү болду. Анын бөгөт чарасы 26-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, 4-ноябрга чейин камакка алынды.

Райондук соттун басма сөз кызматынын маалымдашынча, сотто Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы аны камакка алууну өтүнгөн.

Алмамбет Салиевге Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.

Атайын кызмат Салиевдин кармалышы тууралуу расмий маалымат бере элек. Анын адвокаты жана жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

УКМК Салиевге 2021-жылы 16-июнда “мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып коюп, кармаган. Ал Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкени, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган. Алмамбет Салиев коюлган айыптарды четке каккан.

Ошол жылы Бишкек шаардык сотунун 2-декабрдагы чечими менен ал чет жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде атайын кызматтын тергөө абагынан бошотулган.

Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын аягынан 2020-жылдагы Октябрь окуяларына чейин иштеген. Бул кызматта турганда анын дарегине “бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт” деген сын-доомат айтылган. (TAb)

XS
SM
MD
LG