Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Экс-депутат Эмилбек Жусупов 11-ноябрга чейин камалды


"Эмаком" компаниясынын үйлөрүнүн макети
"Эмаком" компаниясынын үйлөрүнүн макети

26-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту “Эмаком” курулуш компаниясынын мурдагы негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмилбек Жусуповдун бөгөт чарасын карап, 11-ноябрга чейин камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттук отурумда Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматкери Жусуповду камакка алуу өтүнүчүн келтирген.

25-сентябрда Бишкек шаардык милициясы курулуш компаниясынын мурдагы негиздөөчүсү жана башкы директору кармалганын билдирген.

Маалыматка караганда, милицияга кайрылган жарандар ага чара көрүүнү өтүнгөн. Курулуш компаниясы үлүшчүлөргө жалпы 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтиргени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Жусупов 2021-жылы парламентке “Ишеним” партиясы менен шайланып, быйыл апрелде өз арызы менен мандатын тапшырган.

Буга чейин ондогон үлүшчүлөр “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышкан. Ал азыр ишканага тиешеси жок экенин билдирген. “Азаттык” үлүшчүлөрдүн үнүн угуп, “Эмакомдогу” курулуш чырын териштирген.

2023-жылы ноябрь айында Эмилбек Жусуповдун агасы Мелис Жусупов кармалган. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылганын билдирген.

Жусуповдун жакындары, адвокаттары комментарий бере элек. (TAb)

XS
SM
MD
LG