Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Милиция "Эмакомдун" мурдагы ээси кармалганын билдирди


 Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт

Бишкек шаардык милициясы курулуш компаниясынын мурдагы негиздөөчүсү жана башкы директору кармалганын 25-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, милицияга кайрылган жарандар курулуш компаниянын мурдагы ээси жана башкы директору Э.Ж. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Курулуш компаниясы үлүшчүлөргө жалпы 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтиргени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.

“Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин алкагында шектүү катары компаниянын мурдагы негиздөөчүсү жана башкы директору 1991-жылы туулган Э.Ж. аттуу жаран шектүү катары кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп жазылган маалыматта.

Бишкек шаардык милициясынын шектүү тууралуу берген инициалы жана туулган жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Эмилбек Жусуповдун ысымына туура келет.

Жусупов 2021-жылы парламентке “Ишеним” партиясы менен шайланып келген. Ал быйыл апрелде өз арызы менен мандатын тапшырган.

Буга чейин ондогон үлүшчүлөр “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышкан. Ал азыр ишканага тиешеси жок экенин билдирген. “Азаттык” үлүшчүлөрдүн үнүн угуп, “Эмакомдогу” курулуш чырын териштирген.

2023-жылы ноябрь айында Эмилбек Жусуповдун агасы Мелис Жусупов кармалган. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылганын билдирген.

Жусуповдун жакындары, адвокаттары милициянын маалыматына азырынча комментарий бере элек. (TAb)

XS
SM
MD
LG