Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Мюнхенде Израил консулдугунун жанында атышуу болду


Полиция атышуу болгон жерди курчоого алды. Мюнхен. 5-сентябрь, 2024-жыл
Полиция атышуу болгон жерди курчоого алды. Мюнхен. 5-сентябрь, 2024-жыл

Немис полициясы Мюнхенде Израилдин консулдугу жана нацизмдин кылмыштары тууралуу документтер сакталган борбордун жанында аткылашуу маалында шектүү кишини жарадар кылды. Кийин ал ооруканада көз жумганы кабарланды. Бул тууралуу Бавариянын ички иштер министри Йоахим Херманн билдирип, бирок окуянын ыктымал себебин айткан жок.

Полициянын өкүлү шектүү киши Израилдин консулдугунун жанында курал көтөрүп жүргөнүн, тартип коргоочулар жабыркабаганын билдирди.

Окуя болгон жер курчоого алынып, шектүүнүн машинеси текшерилди.

Der Spiegel жана Der Standard басылмалары маркум Австриянын 2006-жылы туулган жараны болчу деп жазышты. Маалыматка ылайык, ал Бавария менен чек аралаш Залцбург шаарында жашачу жана Германияга окуянын алдында машинеси менен келген.

Окуя 1972-жылкы Мюнхен Олимпиадасы учурундагы теракттын курмандыктарын эскерүү иш-чарасын утурлай болду. Мындан 52 жыл мурун, 5-сентябрда жайкы оюндарга катышып жаткан израилдик 11 спортчу, машыктыруучу жана судьялар палестиналык террордук топтун колунан каза тапкан.

XS
SM
MD
LG