Абактагы журналист Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды

Айке Бейшекеева. 26-сентябрь, Бишкектин Ленин райондук сотундагы жараянда

Temirov Live каналынын тогуз айдан бери тергөө абагында отурган журналисти Айке Бейшекеева эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгынын лауреаты болду. Чехиядагы “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму кыргызстандык журналистке адам укуктарын коргоо жаатындагы каармандыгы үчүн бул сыйлыкты ыйгарды. Сыйлык берүү аземи Прагада өттү.

Сыйлык адам укуктарын коргоону жакшыртууга жан үрөгөн жаштарга ыйгарылат.
Быйыл бул сыйлыкка 75 талапкер көрсөтүлгөн.

Айке Бейшекеева - Temirov Live каналынын фактчек жасаган журналисти. 23 жашта, Польшадан билим алган. Ал быйыл январда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун 11 журналисти менен бирге камалган. Аларга “жапырт баш аламандыкка чакыруу” боюнча иш козголгон. Айке сотто журналисттер эч кандай төңкөрүш жасоого аракет кылбаганын, мамлекетке зыян эмес, пайда алып келерин айткан.

26-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда журналисттердин иши каралып, прокурор алардын баарын алты жылдан абакка кесүүнү, үй камагындагы жети кызматкердин да бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан камакка алууну сурады. Адвокаттар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылды. “Эл аралык басма сөз институту” мамлекеттик айыптоонун мындай өтүнүчүн сынга алып, аларды бошотууга чакырды.

Журналисттерге сот өкүмү 3-октябрда чыгары күтүлүп жатат.

16-январда кармалгандардын жетөө бир нече айдан кийин үй камагына чыккан, азыр Айке Бейшекееваны кошкондо төрт журналист - Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров камакта отурат. (TAb)

Дагы караңыз

Экс-депутат Эмилбек Жусупов 11-ноябрга чейин камалдыМилиция "Эмакомдун" мурдагы ээси кармалганын билдирдиРайондук сот Алмамбет Салиевдин камакка алынганын ырастады Мүнхенде Израил консулдугунун жанында атышуу болду