“Унаа” мекемесинин директору Рустам Жокоев камакка алынды

Рустам Жокоев.

Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору (“Унаа” мамлекеттик мекемеси) Рустам Жокоев 27-октябрга чейин камакка алынды.

Тиешелүү токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-сентябрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Биринчи май райондук сотунун маалыматы боюнча, Рустам Жокоевге Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси – “Пара алуу” менен айып тагылды.

Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары “Унаа” мамлекеттик мекемесинде тинтүү иштери болуп, айрым кызматкерлер жана мекеменин жетекчиси да кармалганын жазышкан. УКМК бул иш тууралуу маалымат бере элек. Рустам Жокоевдин адвокаты менен жакындарынан да комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

37 жаштагы Рустам Жокоев “Унаа” мекемесинде адис, кийин жетекчинин орун басары болуп иштеп 2021-жылы директору болуп дайындалган. 2020-2021-жылдарда Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Мамлекеттик “Ала-Арча” паркы” мекемесинин директору болуп турган. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ БУУда Грузия делегациясы менен жолугушуудан баш тарттыУкраина 14 облусу бутага алынганын, сегиз жайкын тургуну каза болгонун маалымдадыЖогорку cот Сокулукта таза суу талап кылган акцияда кармалгандарды актадыIPI уюму прокурордун 11 журналистти 6 жылдан абакка кесүү өтүнүчүн сындадыПутин Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүүнү сунуш кылдыАкылбек Жапаров Кумтөр дагы 20-30 жыл иштерин айтты