Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

АКШ БУУда Грузия делегациясы менен жолугушуудан баш тартты


Ираклий Кобахидзе БУУда. 2024-жылдын 23-сентябры.
Ираклий Кобахидзе БУУда. 2024-жылдын 23-сентябры.

АКШ администрациясы Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзени Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын (БУУ) кезектеги отуруму учурунда уюштурулуучу жогорку деңгээлдеги кабыл алууга чакыруудан баш тартканы белгилүү болду.

Бул буга чейин жакын союздаш катары кызматташып келген эки өлкө ортосундагы мамиленин Вашингтон Тбилисини “демократияга каршы келген аракеттери” үчүн айыптаганынан улам начарлоосунун белгиси катары бааланууда.

АКШ чакыруудан баш тартканы тууралуу маалыматты "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун грузин кызматы да тастыктап, Кобахидзе катышпай турганын америкалык элчиликтин билдирүүсүнө таянып маалымдады.

"Байдендин администрациясы грузин өкмөтүнүн антидемократиялык аракеттерине, АКШ менен Батышка карата жалган маалыматына жана терс риторикасына байланыштуу тынчсыздануу күчөгөндүктөн премьер-министр Кобахидзени БУУдагы жылдык кабыл алууга чакыруусун жокко чыгарды жана грузин делегациясы менен жолугушуудан баш тартты", - деп айтылды элчиликтин билдирүүсүндө.

Грузиянын кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясы жетектеп турган парламенти жана өкмөтү Орусияныкындай оппозиция менен басма сөз эркиндигин чектеген “чет элдик агент” мыйзамын кабыл алып, ага каршы чыккан тынч демонстрацияларды күч менен баскандан кийин Батыштагы өнөктөштөрүнүн сынына кабыла баштаган.

Бийлик мындай мыйзам өлкөнүн саясий жашоосундагы ачыктыкты камсыз кылуу, эгемендикти коргоо үчүн керек экенин билдирип, митингчилерге күч колдонулбаганын айтууда.

ЕБ өлкөлөрү да, АКШ да грузин бийлигин мындай демилгеден баш тартууга үндөшкөн, бирок акыры мыйзам кабыл алынгандан кийин Еврошаркет грузин жарандарына берилген визасыз режимди токтотууну сунуштаган, ал эми АКШ бул өлкөдөгү “демократияны үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн жооптуу адамдарга” санкция жарыялаган.

Грузия парламенти быйыл 17-сентябрда ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын чектеген, алардын түрдүү иш-чараларды уюштуруусуна тыюу сала турган мыйзам долбоорун да үчүнчү, жыйынтыктоочу окууда колдоп, кабыл алган. Батыш мындай чектөөлөрдү адам укугунун бузулушу, анын жеке жашоосуна кийлигишүү катары баалоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG