Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

Украина 14 облусу бутага алынганын, сегиз жайкын тургуну каза болгонун маалымдады


Украина. Харьков.
Украина. Харьков.

Украинанын жети облусунда кечээтен бери Орусиянын чабуулдарынан дагы сегиз жайкын тургун каза болгонун, 44 киши жараат алганын 26-сентябрдын таңында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Донецк облустук аскердик башкармалыгынын башчысы Вадим Филашкин маалымдагандай, бул аймактын бир нече калктуу пункту 28 жолу аткыланды. Краматорск шаарынын борбордук бөлүгү 25-сентябрдын кечинде аткыланып, көп кабаттуу имараттардан экөө кыйраган.

Херсон облусунда 20 чакты айыл-кыштак жана Херсон шаары бутага алынганын, жайкын тургундардын күнүмдүк жашоосуна эң зарыл болгон инфраструктура, үйлөр талкаланганын аймактын башчысы Александр Прокудин билдирди.

Запорожьеде жараат алгандардын абалы оор экени, Одессада үйлөр, машиналар талкаланып, өрт чыкканы, Сумыда 51 жолу жарылуу болгону, Киев облусунун аймагына атып түшүрүлгөн куралдын сыныктары түшкөнү кабарланууда.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, 26-сентябрга караган түнү 14 аймагында Орусия Shahed дрондорунан 78ди учурду, алардын 66сын атып түшүрүүгө үлгүрүштү.

Харьков шаарында 24-сентябрдагы соккудан жараат алгандардын дагы бири – 72 жаштагы аял каза болгонун, жалпысынан бул күнкү чабуулдан өмүрү кыйылгандар бешке жеткенин облус башчысы Олег Синегубов маалымдады.

Орус аскерлери 2022-жылы Украинага каршы согуш ачкандан бери курал-жарагынын көптөгөн түрлөрүнөн – согуштук дрон, ракета, башкарылуучу авиабомба, жапырт аткылоочу реактивдүү система менен чабуул коюп келе жатат. Украинанын жайкын тургундары каза болуп, социалдык жана жарандык инфраструктурасы кыйрап жатканы тууралуу айыптоолорун орус бийлиги четке кагып келет. Киев жана эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын соккуларын атайын жасалып жаткан согуш кылмышы деп баалашат. (RK)

XS
SM
MD
LG