Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Акылбек Жапаров Кумтөр дагы 20-30 жыл иштерин айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинде алтындын жаңы запастары табылып жатканын жана кен дагы 20-30 жыл иштей турганын билдирди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин жетекчиси 26-сентябрда “Экономикалык ойдун өнүгүүсү: изилдөөлөр жана чечүү жолдору” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө айтты. Акылбек Жапаров кендеги калдык сактоочу жайдан алтын алууга аз эле калганын жана жер астынан алтын казуу долбоору да алдыга жылып жатканын кошумчалады.

“Алтындын запасы көбөйүүдө. Кен дагы 20-30 жыл кенен иштетилет. Тоголок алтын кени да бар. Ушул тапта “Кумтөр” компаниясын фондулук биржага чыгарууга даярданып жатабыз”, - деди ал.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган.

Кенде 2021-жылы 14,6 тонна алтын өндүрүлгөн. Мунун 4-5 тоннасын кенге ага чейин ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган. Кыргыз бийлиги мындан 323 миллион доллар киреше тапканын маалымдаган. Натыйжада мамлекетке 13,6 млрд сом салык төгүлгөн.

2022-жылы 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, план 200 килограммга ашыкча аткарылган. Компания мындан 986,5 миллион доллар киреше тапкан. Натыйжада ишкана мамлекетке 32,1 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2023-жылы Кумтөр кенинен 13 тонна 567 килограмм алтын өндүргөнүн кабарлаган. Анда компаниянын жалпы кирешеси 848 млн доллар болсо, таза кирешеси 302,5 млн долларды түзгөн.

Ишкана былтыр жалпы 14 тонна алтын өндүрүү планын койгон. Планга жетпей калган себебин ишкана “казылган рудада алтындын көлөмү аз чыгып калганы менен” түшүндүргөн.

Ысык-Көлдөгү Тоголок алтын кенин иштетүү үчүн лицензия “Кумтөр Голд Компани” ишканасына берилген. Кенде СССР убагында – 1979-1980-жылдары чалгындоо иштери болуп, 17-18 тоннадай алтын бар деп эсептелген. (BTo)

XS
SM
MD
LG