Ташиев бийлик жакындарын мамлекеттик ишке кийлигиштирбей турганын айтты

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда бийлик тууган-туушкандарын жана жакындарын мамлекеттик ишке аралаштырбай турганын билдирди.

Бул тууралуу ал 25-сентябрда Баткенде атайын кызматтын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнө курулган жаңы имаратын пайдаланууга берүү иш-чарасында айтты. Анын билдирүүсүнүн видеосун УКМКнын төрагасынын тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

“Президентибиз Садыр Нургожоевичтин бизге койгон тапшырмасы да ушундай. Тууган-урук, жакындарыбызды бийликти башкарууга аралаштырбашыбыз керек. Биз өзүбүздүн милдеттерибизди таза, так, мыйзам чегинде аткарууга багыт алышыбыз керек. Бир тууганыңды, балаңды аралаштырдыңбы дароо акыйкат жолдон тайып кетесиң”, - деди ал.

Камчыбек Ташиев анын жакындары жеке өзүнүн маселесин чечүү үчүн мамлекеттик кызматкерлерге кайрылса, жоопко тартылышы керектигин, өлкөдө буга чейинки президенттердин тушунда жакындары бийликке аралашкан учурлар көп болгонун айтты.

Кыргызстанда мурдагы бийликтердин убагында үй-бүлөсү, жакындары, дос, туугандары мамлекеттин ишине кийлигишкени, адамдарды кызматтарга чейин дайындоо сыяктуу маселелерге аралашканы тууралуу сын-дооматтар айтылып келген. Анын арты элдик нааразылыкка жана президенттердин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүсүнө чейин жеткен учурлар болгон. (BTo)

Дагы караңыз

«Хезболла» Израилдин аймагына баллистикалык ракета учурдуЧүй облустук соту Алга Кылычовду 10 жылга абакка кескен өкүмдү күчүндө калтырдыЗеленский Орусиядан коргонууга колдоо көрсөтүүгө эл аралык коомчулукту чакырды УКМК Эркин Мамбеталиев мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди 25-сентябрь: Газада 41,5 миң киши өлгөнү кабарланды, “Куликовский” 20 млн сом айыпка жыгылдыОрусия «жынысын өзгөртүүгө» уруксат бар өлкө жарандарына бала асыроого тыюу салат