Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

«Хезболла» Израилдин аймагына баллистикалык ракета учурду


Ливан.
Ливан.

Иран колдогон ливандык «Хезболла» жоочулар тобу 25-сентябрда Израилдин Тел-Авив шаарына ракеталык сокку урганын жарыялап, бутага «Моссад» чалгын кызматынын кеңсеси алынганын, Qader 1 баллистикалык ракетасы колдонулганын билдирди.

Израилдик аскерлер Ливандын түштүгүнөн учурулган ракета атып түшүрүлгөнүн, бул өлкөдөн учурулган снаряд Израилдин борбордук бөлүгүнө чейин жеткен алгачкы окуя болгонун маалымдады, кыйроолор же жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.

«Хезболла» Израилдин «Моссад» мекемесин быйыл 17-18-сентябрь күндөрү Ливанда пейжер, рация жана башка байланыш, техника каражаттары жапырт жарылып, отуздан ашуун адамдын өмүрү кыйылган чабуул үчүн айыптоодо. Анда бутага негизинен "Хезболланын" мүчөлөрү алынганы кабарланган. Ал эми 22-23-сентябрда Израилдин соккуларынан Ливанда дагы 560тай адамдын өмүрү кыйылып, миңдеген адам эвакуация болгон.

Бул окуялардан кийин аймакта чыңалуу курчуй баштаган.

24-сентябрдын кечинде Израил Ливандын түштүгүндө «Хезболланын» курал-жарак жана ракеталык түзүлүштөр сакталган жайларына «масштабдуу сокку» урулганын маалымдаган.

«Хезболла» Израилде жана АКШда террордук уюм деп жарыяланган, Иран колдогон ливандык топ. Былтыр октябрда анын өнөктөшү, АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун кандуу чабуулуна кабылгандан кийин Израил Газада ХАМАС, коңшусу Ливандын түштүгүндө «Хезболла» менен согушуп келе жатат.

Газада, жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, ошондон бери 41 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. Ал эми «Хезболла» менен кармаш, атышуу соңку күндөрү күчөп, 22-сентябрда Ливанда Израилдин соккуларынан каза болгондор дээрлик 500гө жеткени кабарланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG