Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 500 миң сомго чукул акча кетет

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ушул жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого мамлекеттик бюджеттен 495 миң 718 сом кетет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Бул каражаттын 201 миң сомдон көбү, комиссияларды окутууга, маалыматтык материалдарды басып чыгарууга, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин аймактарга жеткирүүгѳ кетет. 293 миң сомдон ашыгы 56 аймактык шайлоо комиссияларынын жана 2 439 участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылууга жумшалат.

Шайлоо күнү коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн Ички иштер министрлигинен (ИИМ) 4 490 кызматкер тартылат.

17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттар шайланат. 2024-жылдын 5-сентябрына карата Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 121 миң 44 адамды түзөт. (BTo)

Дагы караңыз

Косово сербдер колунан каза тапкан полиция кызматкерин эскерди"Куликовский" кондитердик үйүнө 20 миллион сом айып салындыБишкек мэри Жунушалиев автобустун айдоочуларын эрежени так сактоого чакырдыБишкекте Metro Pub түнкү клубу жайгашкан имарат мамлекетке кайтарылды Парламент Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү арызын четке какты Депутат уюлдук телефондорду каттатууда маселе болуп жатканын айттыЖК “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун четке какты