Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Депутат уюлдук телефондорду каттатууда маселе болуп жатканын айтты


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоодон өткөрүүдө жарандар убара болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 25-сентябрдагы жалпы жыйынында айтты. Депутат чет жактан уюлдук телефон алып келип саткан ишкерлер жана чет өлкөлүктөр да телефондорду каттата албай жатканын кошумчалады.

“Уюлдук телефонду каттатуу үчүн 600 сом төлөш керек. Бирок акчасын берип телефонун каттата албай жатышат. Ал эми аны каттаган компания чет өлкөлүк ишкана экен. Мыйзам долбоору паламентте каралып жатканда каттоону мамлекет кылат деп айтылган. Бирок азыр чет өлкөлүк ишкана кылып атат. Министрлер кабинети кайсы чечим, тендер менен бул ишти чет жактагы компанияга берди талкуулаш керек”, - деди ал.

Чет өлкөдөн сатылып алынган телефондорду ишкерлер www.imei.kg сайтында каттатышы керек. Ал эми Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттоо иши менен “Инмобайлс” компаниясы алектенет. Ачык булактардагы маалыматка караганда, “Инмобайлс” 2021-жылы каттоодон өткөн. Анын директору катары
Шарбель Эль Литани көрсөтүлгөн.

Министрлер кабинетинин токтому боюнча, бир адам Кыргызстанга бир жылда экиден ашык эмес уюлдук аппаратты жеке пайдалануусу үчүн акысыз алып кире алат. Чет жактан уюлдук телефон сатып алгандар же онлайн буюртма бергендер аны www.imei.kg сайтына каттатышы керек.

Мобилдик телефондордун IMEI коддору сакталган базага УКМК ээлик кылат. Уюлдук телефон уурдалган учурда милицияга арыз түшсө, анда ички иштер кызматкерлери уурдалган телефонду аралыктан өчүрүп кое алышат.

IMEI код — бул ар бир телефон жана смартфон үчүн бериле турган идентификациялык номер. Ал өндүрүүчү тарабынан коюлуп, телефон түйүнгө кошулган маалда байланыш операторуна берилет. Кошумча каттоо жана калктын маалыматтарын бир базага топтоо зарылдыгын Министрлер кабинети телефон уурулуктун көбөйүшү, аткезчиликке каршы күрөш, казынаны бажы төлөмдөрү менен толтуруу максаты катары түшүндүргөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG