Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Бишкек мэри Жунушалиев автобустун айдоочуларын эрежени так сактоого чакырды


Бишкекте автобус менен троллейбус кагышкан учур. Архив сүрөт.
Бишкекте автобус менен троллейбус кагышкан учур. Архив сүрөт.

Соңку учурларда Бишкекте муниципалдык коомдук транспорттун катышуусундагы жол кырсыктары көбөйгөнүнө байланыштуу калаа мэри Айбек Жунушалиев айдоочулар менен жолугушту. Анда шаар башчысы айдоочуларга жол эрежесин сактоону эскертип, мэриянын Транспорт жана жол транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментине талаптарды күчөтүүнү тапшырды.

“Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Бишкек шаарына 1000 жаңы автобус сатылып алынды. Мындан тышкары Бишкекте 2 миллион тургуну бар, алардын коопсуздук маселеси турат. Бирөөнү сүзүп кетсеңер, автобустун ичиндеги жүргүнчүнү майып кылып алсаңар, эмне болот? Биздин азыркы саясат баарына бирдей – мыйзамды, эрежелерди сактоо. Башка силер менен соодалаша турган маселе жок», - деди Жунушалиев.

Мэриянын басма сөз кызматы жол эрежесин одоно бузган 30 автобустун айдоочусу жумуштан алына турганын билдирди. Ал эми департаментте айдоочулар өз жөндөмдөрүн өркүндөтүшү үчүн беш симулятор орнотулган.

Бишкек шаарында сегиз айда автобустар катышкан 231 жол кырсыгы катталганын 12-сентябрда мэриянын Транспорт департаменти билдирген. Анын 109 учурунда автобус айдоочулар күнөөлүү болгон. Мекеме келтирилген чыгымдарды күнөөлүү тарап төлөп берерин, кырсыктан автобус такыр жараксыз болуп калган учурлар каттала электигин маалымдаган.

Бүгүнкү күнү шаарда каттамга 1200дөн ашуун автобус чыгып жатат.

Бишкекке газ менен жүрүүчү жаңы автобустар каттамга чыгарылган. Шаар бийлиги алардын санын утур-утур көбөйтүп, кичи автобустардын баарын автобустарга алмаштырууну көздөп жатат.

Августтун соңунда Бишкек шаардык Транспорт департаменти 500 кичи автобус алып келип, жаңы конуштардагы каттамдарга коюу пландалып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG