Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

"Куликовский" кондитердик үйүнө 20 миллион сом айып салынды


"Куликовский" кондитердик үйүнүн социалдык тармактагы баракчасынан алынган кадр.
"Куликовский" кондитердик үйүнүн социалдык тармактагы баракчасынан алынган кадр.

Салык кызматы “Куликовский” кондитердик үйүн текшерүүнү жыйынтыктап, компанияга 20 миллион сом айып салды. Бул маалыматты “Азаттыкка” “Куликовскийдин” башкы директору Денис Гайворонский ырастады.

“Текшерүү жыйынтыкталды. Штаттык режимде иштеп жатабыз. Биз үчүн таң калыштуу болгон талапка күбө болдук. Эми биз бул системага ылайыкташып, мыйзамдын баарын аткарганга аракет кылабыз”, - деди ал.

Коюлган негизги доомат компаниянын башка соода түйүндөрүндө сатылып жаткан, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды эсептен чыгарууга байланыштуу болгон. Мыйзамга ылайык, мындай товарлар Соода-өнөр жай палатасынын атайын комиссиясынын катышуусу менен жок кылынышы керек болгон. Мөөнөтү өткөн азыктарды кайтаруу күн сайын болгону үчүн аталган эрежени сактоого мүмкүн болбогонун жана бул жумушту компания атайын комиссиясын катышуусу жок эле өз алдынча жасап жүргөнүн түшүндүргөн.

Денис Гайворонский салынган айып толугу менен төлөнгөнүн тактады.

Компанияга салынган айып боюнча Салык кызматы кийинчерээк комментарий бериле турганын билдирди.

4-сентябрда Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери “Куликовский” кондитердик үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары укук коргоо органдарындагы жеке булактарына таянып жазып чыгышкан. Атайын кызмат бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Компаниянын сайтындагы маалыматка караганда “Куликовскийдин” Кыргызстанда, Казакстанда жана Орусияда жалпы жүздөн ашык дүкөнү бар жана аларда 1500дей кызматкер иштейт. (TAb)

XS
SM
MD
LG