26-сентябрдын аба ырайы

Ош шаары, Сулайман-Тоо.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 26-сентябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19 градус жылыйт.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 9…11 °, күндүз 16…18 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Трамптын уулу серб ишкерлери менен кызматташтыкты талкуулады"Куликовский" кондитердик үйүнө 20 миллион сом айып салындыБеларус украин балдарын "өз элине душман" кылып тарбиялап жатканы тууралуу баяндама чыктыБишкек мэри Жунушалиев автобустун айдоочуларын эрежени так сактоого чакырды