Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Трамптын уулу серб ишкерлери менен кызматташтыкты талкуулады


Дональд Жон Трамп (солдон экинчи) Белградда. 2024-жылдын 23-сентябры.
Дональд Жон Трамп (солдон экинчи) Белградда. 2024-жылдын 23-сентябры.

АКШнын мурдагы башчысы, азыркы тапта Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер Дональд Трамптын уулу Дональд Жон Трамп Сербия менен инвестициялык кызматташтыкты талкуулоодо. Борбор калаа Белградда 23-сентябрда өткөн ишкерлер менен жолугушууга ал да катышканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна Erste Bank башкармалыгынын мурдагы төрагасы Славко Царич тастыктады.

Анын айтымында, ишкерлердин жолугушуусунун негизги темасы "инвестиция жана жалпы аймактагы, анын ичинде Сербиядагы бизнес чөйрөнүн жагымдуулугу америкалык инвесторлордун көз карашында" деген маселе болду.

Быйыл март айында Сербия өкмөтү Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнерге байланыштуу компания менен Белграддын борбордук бөлүгүнөн 1999-жылы НАТОнун бомбалоосунан талкаланган имараттарды калыбына келтирүү үчүн жер тилкесин 99 жылга ижарага алуу тууралуу келишимге кол койгон. Көп өтпөй сербиялык Kreni-Promeni оппозициялык кыймылы Кушнер каржылаган компания менен кызматташууну токтотууга чакырган.

Мурдагы президент Дональд Трамп Белградда чоң мейманкана куруу максаты бар экенин ондогон жылдан бери айтып келген.

Сербия орус бийлиги менен саясий кызматташтыктан тышкары аскердик жана экономикалык алакасын да бекемдеп келаткан өлкө. Расмий Белград Батыштын Орусияга Украинага кол салганы үчүн киргизген санкцияларына кошулган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG