Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Беларус украин балдарын "өз элине душман" кылып тарбиялап жатканы тууралуу баяндама чыкты


Украина. Иллюстрациялык сүрөт.
Украина. Иллюстрациялык сүрөт.

Укук коргоо уюмдары Эл аралык кылмыш сотун Беларуска жана Орусияга байланыштуу териштирүү жүргүзүүгө чакырып, Орусия согуш ачкандан бери жүздөгөн украиналык бала Беларуска мажбурлап чыгарылып кеткени, мекенине каршы “кайра тарбияланып” жатканы тууралуу далилдери бар экенин жарыялашты.

Украиналык «Смена» укук коргоо борбору 23-сентябрдагы билдирүүсүндө Freedom House эл аралык борборунун жана Адам укугу боюнча аймактык борбордун эксперттери менен бирге даярдаган баяндамасын Гаага сотуна жөнөткөнүн, анда «Беларустун аймагында украиналык балдарды саясий жактан “иштеп чыгуу” жана аскердик жактан кайра тарбиялоо» жүрүп жатканы тууралуу документтер камтылганын маалымдады.

Укук коргоочулардын белгилешинче, баяндамада “беларус агенттеринин балдардын этностук иденттүүлүгүн жок кылууга, аларды өз элинин душманына айландырууга катыштыгы бар экени” тууралуу документтер жана эксклюзивдүү маалыматтар бар.

Баяндамада жазылгандай, Беларуста алты жашка чейинки курактагы кеминде 2219 украиналык баланын “дискриминациялык басымга” дуушар болушуна катыштыгы бар 18 уюм аныкталды.

БУУнун маалыматына караганда, 2022-жылдын 18-февралынан бери орусиялык агенттер украиналык кеминде 19 546 баланы мекенинен алып чыгып кеткен.

Өткөн жылдын мартында Гаагадагы сот "Украинадагы кырдаалдын контекстинде" Орусиянын президенти Владимир Путинди жана балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыкканы үчүн камоого ордер чыгарган. Аталган сот эки айыпталуучу тең аскердик кылмышка барып, элди күч менен депортациялап, башка жакка көчүргөн деп шек санайт.

Беларус бийлиги украиндердин балдары «дарылоодон өтүп, эс алып» жатканын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG