Бишкекте Metro Pub түнкү клубу жайгашкан имарат мамлекетке кайтарылды

Metro Pub түнкү клубу жайгашкан имарат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Жусуп Турусбеков көчөсүнүн кесилишиндеги Metro Pub түнкү клубу жайгашкан имарат мамлекетке кайтарылганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Советтер Союзу кулагандан кийин, менчиктештирүү учурунда “Тунгуч” жаштар драма театры жайгашкан имарат ошол тапта колдонулуп жаткан мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.П.Ц.Т.” жоопкерчилиги чектелген коомдун менчигине берилгени аныкталган. Текшерүүдө баасы 317 млн 106 миң сом же 3 млн 750 миң долларды түзгөн мүлк мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

“Мүлктү мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү максатында УКМК менчик ээси менен профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, анын натыйжасында 2024-жылдын 23-сентябрында Ч.В.С. аттуу ээси “Т.П.Ц.Т” ЖЧКсынын 100% акциясын өз ыктыяры менен Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүп берди”, - деп айтылат маалыматта.

“Тунгуч” жаштар драма театры жайгашкан имарат тарыхый жана маданий эстелик болуп саналат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу тууралуу буга чейин бир нече ирет билдирүү жасаган. Ал 14-июнда Кара-Суу районунда мечиттин ачылышына катышкандан кийинки сөзүндө “мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын” билдирген.

Андан бери Кыргызстанда мурда-кийин жеке менчикке өткөн жерлер, имараттар мамлекетке алынды. Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтып келишет. (BTo)

Дагы караңыз

Парламент Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү арызын четке какты ЖК “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун четке кактыДепутат уюлдук телефондорду каттатууда маселе болуп жатканын айттыУКМК “Кызыл-Белес” лыжа базасы мамлекетке кайтарылганын билдирдиУкраина Харьков шаары бомбаланып, адамдар каза болуп жатканын билдирди24-сентябрь: Акаевдин арызы боюнча чечим, Ливанда 500дөй киши набыт болду