Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

УКМК “Кызыл-Белес” лыжа базасы мамлекетке кайтарылганын билдирди


“Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы.
“Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүйдүн Аламүдүн районундагы “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 10 гектар лыжа базасы жана жайыт жерлери буга чейин жеке менчикке өтүп, кийин үчүнчү жактарга сатылып кеткени аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери 50 млн сомдон ашык деп бааланган жер тилкесин жана курулуштары бар объектти мамлекетке өткөрүп берген. УКМК “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы кимдерге таандык болгону тууралуу маалыматты берген жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу тууралуу буга чейин бир нече ирет билдирүү жасаган. Ал 14-июнда Кара-Суу районунда мечиттин ачылышына катышкандан кийинки сөзүндө “мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын” билдирген.

Андан бери Кыргызстанда мурда-кийин жеке менчикке өткөн жерлер, имараттар мамлекетке алынды. Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтып келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG